Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Финпол: Сарпашев суракта 530 гектар жерин мамлекетке кайтаруу ниетин билдирди


Тайырбек Сарпашев, мурдагы биринчи вице-премьер-министр. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын мурдагы биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 30-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) эки саат суракта болду. Бул тууралуу 1-декабрда «Азаттык» радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур билдирди.

Анын айтымында, сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» деген 323-беренесинин негизинде жүрүп жатат.

«Тергөөнүн жүрүшүндө Сарпашев Токтогул районунда жайгашкан мурда сатылып алынган жана өзүнүн жакын туугандарына катталган 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтаруу ниетин билдирди», - деди ал.

Финполдун маалыматына караганда, тергөө уланууда жана кийинки жумада Сарпашев жогоруда аталган жер тилкелерин Токтогул районунун Торкен айылынын балансына кайтарып берет.

Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү баштаганын Финпол 27-ноябрда кабарлаган. Мекеменин маалыматына караганда, «ал мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган, кийин аны декларацияларда көрсөтпөстөн жакын туугандарына каттаган».

Сарпашевден же анын жактоочуларынан бул маалымат боюнча «Азаттык» азырынча комментарий ала элек. 30-декабрдагы сурактан кийин журналисттерге берген комментарийинде ал мамлекеттик кызматта иштебеген учурларда ишкердик менен алектенгенин белгилеп, коюлган айыптарга байланыштуу өз позициясын коргогонго аракет кыларын билдирген.

Сарпашев өкмөттө 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон. 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болгон.

Финпол Сарпашевди 2016-жылы мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев менен байланышы бар адамдарга катталган мүлктү камактан мыйзамсыз чыгарууга тиешеси болгон деп айыптап, быйыл 11-ноябрда анын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Мындай айып ага 2017-жылы да коюлган. Ошол эле жылы тендерге байланыштуу Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен иш козголгон. Мыйзам бузуу болбогонун, бул иштер кийин токтотулганын Тайырбек Сарпашев 2018-жылы билдирген. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (21)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG