Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:35

Сарпашевдер аралашкан жер чыры


Токтогул.
Токтогул.

Токтогулдагы бир катар жергиликтүү депутаттар жана жашоочулар райондогу бир тууган Сарпашевдердин аракеттерине укуктук баа бере албай жатканына даттанып айылга чогулушту.

Анда мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баш болгон бир туугандар мамлекеттик фонддун гектарлаган жерлери, кампалар, мал сарайлар жана дүкөн сыяктуу райондогу кирешелүү мүлктүн баарына мыйзамсыз ээлик кылып, карапайым калктын мыйзамдуу укугу менен кызыкчылыгын басмырлаганы айтылды. Ал эми Сарпашевдер мунун баарын кезегинде мыйзамдуу жол менен алганын айтып келатышат.

Токтогул районунун Торкен айыл аймагындагы Абды Сүйөркулов атындагы айылдык кеңештин депутаттар тобу андагы жердеши, бир тууган Сарпашевдер "кезегинде ижарага алган мамлекеттик фонддун гектарлаган жерлерин кайтарбай жатат" деп даттанып, укук коргоо органдарына кайрылышкан.

Торкен айыл өкмөтүнүн башчысы Шайлоо Жуматаев мыйзамсыз жол менен көп жылдык ижарага алынган гектарлаган айдоо аянттарына жергиликтүү соттор көз жуумп жатканын белгиледи:

- Мурунку биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин агасы Тазабек Сарпашевдин “Абел” асыл тукум чарбасына 2008-жылы 20 гектар сугат жерди мурдагы айыл өкмөт башчысы 30 жылга ижарага берген экен. Айылдык кеңештин депутаттарынан кайрылуусунун негизинде Токтогул райондук прокуратурасы быйыл июль айында текшерип, Жер кодексине ылайык ижарага жер 10 жылдык мөөнөткө гана берилерин көрсөтүп, бизге каршылык билдирүү жөнөткөн. Анын негизинде биз кезегинде мыйзамсыз берилген жердин келишимин бузуп, жерди өзүбүзгө алганбыз. Ага макул болбогон Тазабек Сарпашев бизди сотко берип, биринчи инстанцияда утулуп калдык. Азыр бул иш облустук соттун кароосунда. Мындан сырткары 2005-жылы 80 сотых кайракы жер Памирбек Сарпашевге 10 жылдык мөөнөткө өздөштүрүү максатында берилген. Бирок 2015-жылы ижара мөөнөтү бүткөнүнө карабай ал жерди кайтарбай жатат. Бул багыттагы иш да азыр соттун кароосунда. 16 гектар жерди да Памирбек 20 жылдан бери ижарада иштетип, бербей келет. Айылдык кеңештин депутаттары "сессияда бул жерди карап, быйыл күзүндө алабыз" деп айтууда. Жергиликтүү бийликтин башчысы катары сотко даттануу берип, соттошуп утулдук. Мындайча айтканда айыл өкмөт өз жерин ижарага берип, кайра ала албай жатат. Балким агасы Тайырбек Сарпашевдин таасири болуп жаткандыр?

Жергиликтүү бийлик менен Сарпашевдердин үй-бүлөсү азыр эки башка жер аянттары боюнча соттошуп жатышат.

Бул багытта нааразычылык билдирген 50гө чукул жергиликтүү тургундар менен катар айылдык кеңештин депутаттары 13-октябрда Торкен айыл өкмөтүнүн имаратына чогулушкан.

Андан соң алар "бир тууган Сарпашевдер мыйзамсыз алды" деген жерлерди жана мүлктөрдү кыдырып чыгышты. Алардын катарында 1,23 гектар жери менен "сүт заводун курабыз" деп алган эски гараждын имараты, айылдын борборундагы дүр-дүйнө дүкөнү жана мал сарай да бар.

Торкен айылын 10 жылдай башкарган айыл башчы Эркинбек Төраканов жыйын учурунда буларга токтолду:

- Токтогулдун Торкент айылында Сарпашевдер бир туугандары менен бирге кезегинде сууга жакын каймактуу жерлерди ээлеп алышкан. Мен 10 жылдай ушул жерде айыл башчы болуп иштеп, билем, алардын баарын. Улам ижара мөөнөттөрүн мыйзамсыз узартышып, ушул убакка чейин бербей келишет. Башка колунда жок, карапайым тургундар да колдонушу керек. Кудайдан корксоңор боло, айланайындар? Жалаң эле Сарпашевдер жашаш керек эмес да? Кандай бектер келип, нечен хандар өткөн бул дүйнөдө, Сарпашевдердин да доору бүтөт. Жер талашып жүрүп эч жакка бара албайбыз, бирок баарыбыз жарым метр жерге барабыз. Ойлонгула!

Ал эми айылдык кеңештин депутаты Айдарбек Таабалдиев Сарпашевдер элге берген убадасын аткарбай жатканына нааразы болду.

- Тайырбек Сарпашев, Тазабек Сарпашев, Памирбек Сарпашев деген бир туугандар кезинде атасына биздин кампаларды, гараждарды жана мал сарайларды болбогон эле акчага менчиктештирип берген. Мисалы, "Абды Сүйөркуловдун музейин курабыз" деген шылтоо менен эски универмагды алышып, башында анын бир бурчуна Абды Сүйөркуловдун сүрөтүн коюшкан эле, кийин ага башка жактан жай бердирте коюшуп, ошону да менчиктештирип алышты.

Азыр ал жер дүкөн катары иштеп жатат. Айылда спорт залы жок, балдарга сурасак бербей жатат. Мындан сырткары, "айылдагы 1,23 гектар жердеги эски гараждын ордуна сүт завод куруп, элди иш менен камсыздайбыз" деп убада беришкен. Азыр ал жер да тосмолонгон боюнча турат. Кезегинде Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер болуп жатканда Тайырбек Сарпашев элге "сүт заводун курабыз" деп келип айткан. Азыр эми жок дегенде бала бакча куралы десек да бербей жатышат. Эң эле көйгөйлүү маселе - азыр бизде фонддун эсебинен жерди ижарага алуу машакат. Анткени Сарпашевдер 80-90 гектар сугат жерлерди ээлеп отурушат. Буларды айтып, айылдык кеңештин төрагасы менен сотко катышып жатсак, Тазабек Сарпашев бизди ачык эле "силерди баңгизат менен карматам" деп коркутту. Биз эл үчүн эч нерседен коркпойбуз.

Тазабек Сарпашев.
Тазабек Сарпашев.

Бирок мындай дооматтарды Токтогул райондук акимчилигинин айыл чарба департаментинин башчысы Тазабек Сарпашев четке какты.

Анын айтымында, Токтогулдагы Сарпашевдердин ээлигиндеги мал сарайлар, кампалар, гараждар жана айдоо аянттары мыйзамдуу жол менен алынган. Тазабек Сарпашев кайракы жерлерди өздөштүргөндөн кийин айрым жердештери көралбастык кылып, каралап жатканын билдирди:

- Муну азыр кызыкчылыгы бар адамдар уюштуруп жатышат. Болбосо биз 20 жылдан бери иштеп келатабыз. Анда эмнеге минтип чыгышкан эмес? Мен алган жердин жанында, үстү жагында дагы бир топ жер аянттары бар. Бирок ал жерлерди өздөштүрүүгө инвестиция керек. Мен болсо кезинде ошол жерди алып, 450 миң сомго чукул каражат чыгымдап, аны өздөштүргөм. Ошол жер аянттарын, мал сарайды алып, иштетиш үчүн тобокелге барып, 2 миллион сомго чейин насыя алып, үйүмдү күрөөгө койгом. Анан ошол жерди көгөртүп, суу чыгарып койсом, "мыйзамсыз алды" деп жатышат. Азыр эки жер боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. Ал кандай чечим кабыл алса да аны аткарууга жана жерлерди кайтарып берүүгө даярмын. Инимди аралаштырып саясаташтырууга негиз жок.

Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев буга чейин “Азаттыкка” берген интервьюсунда жердештеринин коюп жаткан дооматтарын көп жылдан бери келаткан көнүмүш каралоо деп эсептей тургандыгын билдирген:

- Мунун баары ушак. Ошондой деген ойлору болсо, бул боюнча тиешелүү укук коргоо органдарына арыз берсин. Мындай маселелер боюнча бизди далай жолу текшеришкен. Менин атаандаштарым бардыгын ийне-жибине чейин иликтешкен. Адатта шайлоонун астында же шайлоодон кийин ошондой жол менен бизге каршы жалган жалаалар менен арыздануучулар пайда болчу. Үч бийликтин тушунда андай нерселердин көбүн баштан кечирдик. Мунун баары жөн эле сөз. Азыр мен бийликте жокмун. Эч кимге таасир эте албайм. Бардыгын ийне-жибине чейин текшертишсин. Мына ошондо бардыгы айкын болот. 20 жылдан бери саясатта жүрүп, мамлекеттен ийне же мык алып көргөн адам эмесмин. Эми отуз жыл мурда атам мыйзамдуу жол менен сатып алган сарайды дагы деле айтып жүрүшөт. Атамдын көзү өткөнүнө эки-үч жыл болду.

Алайбек Мамыров.
Алайбек Мамыров.

Жергиликтүү депутаттары жана Токтогул районунун тургундары "Сарпашевдердин үй-бүлөсү мыйзамсыз ээлеп алды" деген мүлккө байланыштуу прокуратурага кайрылышкан.

Быйыл июнь айында Токтогул районунун прокуратурасы бул боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Райондун жаңыдан дайындалган прокурору Алайбек Мамыров жогорудагы иштердин баарына кайрадан юридикалык баа берилерин айтты:

- Сарпашевдердин үстүнөн Торкент айылынын жана Токтогул районунун аймагында мыйзамсыз берилген жерлер жана имараттар боюнча даттануу түшкөн. Бул багытта Токтогул райондук прокуратурасы териштирүү иштерин жүргүзүп, 2018-жылдын 8-июнунда кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. "Бардык мүлк мыйзамдуу берилген" деген негизде. Учурда дагы башка кайрылуулар болуп жатат. Ошонун негизинде мурунку чечимдерге да юридикалык баа берүү жагы каралып, мыйзам чегинде териштиребиз.

Токтогулдуктар райондогу бир тууган Сарпашевдердин аракеттерине сот жана укук коргоо органдары да укуктук баа бере албай жатканына нааразы болуп, ишти ачык териштирүүнү камсыз кылуу өтүнүчү менен мамлекет башчысына, өкмөткө жана парламентке кайрылуу максатында алдыдагы күндөрү митинг өткөрүүнү пландап жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG