Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Сарпашевдердин дарегине доомат күч


Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев

Токтогулдагы бир катар жергиликтүү депутаттар райондогу бир тууган Сарпашевдердин аракеттерине укуктук баа бере албай жатканына даттанып, ишти ачык териштирүүнү камсыздоо өтүнүчү менен мамлекет башчысына, өкмөткө жана парламентке кайрылды.

Анда мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баш болгон бир туугандар мамлекеттик фонддун гектарлаган жерлери, кампалар, мал сарайлар жана дүкөндөр сыяктуу райондогу кирешелүү мүлктөрдүн баарына мыйзамсыз ээлик кылып алып, карапайым калктын мыйзамдуу укугу менен кызыкчылыгын басмырлаганы көрсөтүлгөн.

Ошондой эле Токтогул районуна суу сактагычтын эсебинен мамлекеттен жылына 70 миллион сомдун айланасында бөлүнгөн фонддун каражаттарын бөлүштүрүүгө дагы таасир этип, мыйзамсыз өткөн тендерлердин негизинде райондогу суу каналдардын, арыктардын жана суу чыгаруучу насостук станциялардын курулуштарына каралган каражат ортодон жок болуп кеткен фактылардын бети ачылбай жабылып жатканы кайрылууда көрсөтүлгөн.

Сарпашевдер муну кызыкдар күчтөрдүн аларга каршы атайын уюштурган курулай дооматы катары сыпаттап, укук коргоо органдары текшерип жатканын билдиришти.

Бир туугандарга доомат

Токтогул районунун Торкен айыл аймагындагы Абды Сүйөркулов атындагы айылдык кеңешинин депутаттар тобу андагы жердеши, бир тууган Сарпашевдер райондогу каржы булактарын мыйзамсыз көзөмөлгө алган деген доомат менен президент Сооронбай Жээнбековго, өкмөттүн, парламенттин жана УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын дарегине ачык кат менен кайрылуу жасады.

Айылдык кеңештин депутаты Айдарбек Таабалдиев көз боёмочулук жол менен менчиктештирилген мүлктөргө жана мыйзамсыз жол менен көп жылдык ижарага алынган гектарлаган айдоо аянттарына жергиликтүү укук коргоо органдары көз жуумп жатканын белгиледи:

- Тайырбек Сарпашев, Тазабек Сарпашев, Памирбек Сарпашев деген бир туугандар кезинде атасына биздин кампаларды, гараждарды жана мал сарайларды болбогон эле акчага менчиктештирип беришкен. Мисалы, Абды Сүйөркуловдун музейин курабыз деген шылтоо менен универмагды алышып, башында анын бир бир бурчуна Абды Сүйөркуловдун сүрөтүн коюшкан эле, кийин ага башка жактан жай бердирте коюшуп, ошону дагы менчиктештирип алышты. Эң эле көйгөйлүү маселе - азыр бизде фонддун эсебинен жерди ижарага алуу машакат. Анткени Сарпашевдер 80-90 гектар сугат жерлерди ээлеп отурушат. Карапайым адамдар ар бир гектары үчүн экинчи-үчүнчү колдон алып, 15-20 миң сомдон ижара акысын төлөсө, булар гектарына 400 сомдон гана төлөйт. Ошол жерлерди 30 жылдык мөөнөткө ижарага алганы боюнча жасалма токтом чыгып калды. Анткени мурдагы айыл өкмөтүнүн башчысы аны болгону ижарага эки жылга эле берген экен. Биз бул боюнча Токтогулдун прокуроруна кайрылсак, ал аны тергөөчүгө тапшырды. Тергөөчү болсо эч кандай чара көрбөй туруп, бул мыйзам бузуулардын баарына көз жуумп, "билгениңерди кылып алгыла" деди.

Сарпашевдин төбөсүндө айланган сур булут

Сарпашевдин төбөсүндө айланган сур булут

Башкы прокуратура 10-февралда Бишкектин чок ортосундагы Максим Бакиевдин бир гектардан ашык жеринин сатылып кеткени боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бирок мындай дооматты Токтогул райондук акимчилигинин Айыл чарба департаментинин башчысы Тазабек Сарпашев четке какты.

Анын айтымында, Токтогулдагы Сарпашевдердин ээлигиндеги мал сарайлар, кампалар, гараждар жана айдоо аянттары мыйзамдуу жол менен алынган. Тазабек Сарпашев кайрак жерлерди өздөштүргөндөн кийин айрым жердештери көралбастык кылып, каралап жатканын билдирди.

Тазабек Сарпашев алар менчиктештирген кыймылсыз мүлктүн жана жер аянттарынын таржымалын айтып берди:

- Мындан 24 жыл мурда биз ошол мал сарайды алганда келишим боюнча 300 кой кошо берилген. Анда биз менен "жылына 100 козудан берип турсаңар, беш жылдан кийин сарай да, койлордун башын да ажыратып каласыңар" деген келишим болгон. Ошого ылайык, бизге жер да, мал сарай да, кой да берилген. Муну азыр кызыкдар адамдар уюштуруп жатышат. Болбосо биз 30 жылдан бери иштеп келатабыз. Анда эмнеге минтип жазышкан эмес? Мен алган жердин жанында, үстү жагында дагы бир топ жер аянттары бар. Бирок ал жерлерди өздөштүрүүгө инвестиция керек. Мен болсо кезинде ошол жерди алып, 450 миң сомго чукул чыгымдап, аны өздөштүргөм. Ошол жер аянттарын, мал сарайды алып, иштетиш үчүн тобокелге барып, 2 миллион сомго чейин насыя алып, үйүмдү күрөөгө койгом. Анан ошол жерди көгөртүп, суу чыгарып койсом, "басып алды" деп жатышат. "Өзүңөр кайрак жерлерди өздөштүрбөйсүңөрбү?" десем, унчугушпайт... Эгер мен суу чыгарып, жерди өздөштүрө албасам, анда мен күрөөгө койгон үйүмдү банкка тарттырып жибермекмин да.

Токтогул фондунун "томдуктары"

Токтогул суу сактагычынын астында калган жер аянттары жана келтирилген зыян үчүн мамлекет райондун атайын фондуна жыл сайын 70 миллион сомдун айланасында акча бөлөт.

Бул каражат райондун социалдык объектилерин курууга, эскилерин оңдоого багытталган. Жергиликтүү кеңештин депутаттары кошмо жыйында мына ушул атайын фонддун каражатын колдонуу боюнча отчет создуктурулуп келгенин айтышты. Жобого ылайык, каражаттын бөлүнүшүн райондук акимчилик, Байкоочу кеңеш жана фонддун жетекчилиги чечет деп көрсөтүлгөн.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Айдарбек Таабалдиев курулуш иштерин каржылоодо көз боёмочулуктар бар экенин айтты:

- "Жаңы арык" деген узундугу алты чакырым болгон канал жөн эле казылып коюлган. Ага ушул кезге чейин бир суу чыга элек. Ага баш-аягы 76 миллион сом бөлүнгөн. Суу чыкпаса деле турат. Бирок ага атайын фонд ачылгандан бери эле улам эле бир топ акча бөлүнүп келет. Анын отчетун сурасак бербейт. Анан "Тегерек" деген арык боюнча дагы маселе бар. Ага да суу чыккан эмес. Биздин айылдагы жаңы каналга дагы тендер жарыялабай туруп эле акча бөлүп, казуу иштерин жүргүзө башташты. Бир жарым миллион сом бөлүндү деген ошол объектини биз текшерип барып калсак, курулуш иштерин аткарган компания аны болгону 740 миң сомго эле жасап жатканын айтты. Ушуга окшогон казылып, токтоп калган, бирок акчасы эбак жок болуп кеткен каналдар, арыктар бар. Мына ушуларды текшере тургандардын баары өздөрүнөн. Райондун прокурору да, аким да ушулардын көзүн карап турат. Кара-Жыгач айылында дагы узундугу 11 чакырым деп, үч чакырымдык каналды жалгандан айтып, анын тасмасын Тайырбек Сарпашев өзү барып кескен. Ага болсо 56 миллион сом бөлүнгөн экен. Мына ушулардын баарынын үстүндө Тайырбек Сарпашев турат.

Ошол эле кезде мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жердештеринин коюп жаткан дооматтарын көп жылдан бери келаткан көнүмүш каралоо деп эсептейт.

Буга чейин дагы ага жана анын бир туугандарына байланыштуу текшерүүлөр жүргөнүн айткан Тайырбек Сарпашев тиешелүү органдардын бул жолку иликтөөсүндө деле алардын ишмердигинен мыйзамга каршы илинчек табылбайт деп ишенет:

- Мунун баары ушак. Ошондой деген ойлору болсо, бул боюнча тиешелүү укук коргоо органдарына арыз берсин. Мындай маселелер боюнча бизди далай жолу текшеришкен. Менин атаандаштарым бардыгын ийне-жибине чейин иликтешкен. Адатта шайлоонун астында же шайлоодон кийин ошондой жол менен бизге каршы жалган жалаалар менен арыздануучулар пайда болчу. Үч бийликтин тушунда андай нерселердин көбүн баштан кечирдик. Мунун баары жөн эле сөз. Азыр мен бийликте жокмун. Эч кимге таасир эте албайм. Бардыгын ийне-жибине чейин текшертишсин. Мына ошондо бардыгы айкын болот. 20 жылдан бери саясатта жүрүп, мамлекеттен ийне же мык алып көргөн адам эмесмин. Эми отуз жыл мурун атам мыйзамдуу жол менен сатып алган сарайды дагы деле айтып жүрүшөт. Атамдын көзү өткөнүнө эки-үч жыл болду.

Фондду ким башкарат?

Абды Сүйөркулов атындагы айылдык кеңештин төрагасы Улан Бучуков эл арасында "Токтогул фонду" деген аталыш менен белгилүү бул райондук каржылык уюмун иш жүзүндө мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин бир тууган агасы көзөмөлдөйт деп эсептейт. Анын айтымында, фонддон долбоорлорго акча бөлүүнүн механизми бир же бир нече гана адамдын колуна топтолуп калган болушу мүмкүн:

- Бизде азыр Тазабек Сарпашев деген Тайырбек Сарпашевдин агасы атайын фондго тиешеси болбосо деле жетекчилик кылып, бардык нерсесин бурмалап, бардыгы ошонун гана айтуусу менен болуп жатат. Ал эми өзү болсо Байкоочу кеңештин жөнөкөй эле мүчөсү. Бирок ал андай болгону менен фонддун ишин ошол адам жөнгө салат. Акчаны бөлүштүрүү ошонун айтуусу менен жүрөт. Курула турган объектилер боюнча тендерлерди өздөрү жарыялап, анан эле өздөрүнүн компаниялары утуп чыгат. Ошону менен андан бизге кылдай пайда жок. 1,5 миллионго бааланган курулуш иштерин 700 миң сом менен бүтүрүп жатышат. Калган акчасын эмне кылып жок кылып жатышканы белгисиз. Бир топ каналдардын курулушу башталган. Бирок алардын көбү бүтпөй койду. Бир канча миллион сом акча кеткени айтылат. Ошончо каражат жумшалса, анда ал суу каналдары бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет эле го.

Ошол эле кезде Токтогул райондук атайын фондунун Байкоочу кеңешинин айрым мүчөлөрү дагы бул жагдайды ырастап, акчанын агымын көзөмөлдөө мыйзамсыз жолдор менен жүргөндүктөн бир эле долбоорду бир нече ирет каржылаган фактылар бар экенин мисалга алышты.

Байкоочу кеңештин мүчөсү Жолдубай Тезекбаев Токтогулда бир нече ирет каржылап, бирок бүтпөгөн курулуш долбоорлорун мисал келтирди:

- "Көтөрмө" насостук станциясын куруу үчүн тендерден бааланган баасы 6 миллион 500 миң сом болгон. Ал долбоор боюнча 2016-жылы эле бүтүшү керек эле. Анан ал эки жылдан бери бүтпөй былтыр дагы 2 миллион 216 миң сом, кийин 424 миң сом бөлүнгөн.Ошол эле насостук станциянын балкасына, кранына 886 900 сом каралган. Мында 750 миң сомдой акча жок болуп жатат. "Бозтектир" деген арыкты чыгарууга 3 миллион 600 миң сом чыгымдалды дешкен. Бирок ошол арык дагы деле ишке кире элек. Былтыр болсо анын үстүнө арыктын ремонтуна деп, дагы 600 миң сом бөлүп коюшкан. Мындан сырткары "Жаңы-Арык", "Тегерек" деген каналдарды баштап коюшкан. Алардын курулуштары аягына чыга элек, бирок жылда акча бөлүнүп турат.

Муктаж айылдар мукураганда

Буга кошумча айылдык кеңештин төрагасы Улан Бучуков каржылоого муктаж болгон айылдардын абалына көңүл бурулбай калганын айтты. Анын айтымында, суу сактагыч турган жерден көчүп чыккан айылдарга каражат бөлүү демилгеси четке кагылып келгенин мисал келтирди:

- Атайын фонддун акча каражаты негизи Токтогул суу сактагычы жайгашкан жерден көчүп чыккан айылдардын муктаждыктарына бөлүнүшү керек эле. Мисалы, суу сактагыч мамлекетке пайда алып келгени менен биздин Кара-Жыгач айылына зыяндан башка пайдасы жок. Электр жарыгынан же башка бир коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдөн деле жеңилдиктер берилбейт. Анан суу сактагычтан суу каптап, биздин айылдын аймагы сазга айланып кеткен. Үлүш жерлерибизди, айылдык клубду дагы суу баскан. Сегиз жылдан бери биздин айылга атайын фонддун эсебинен бир каражат бөлүнүп, муктаждыктар чечилген жок.

Каржы издеген айылдар

Каржы издеген айылдар

Жалал-Абад облусунда өткөн жылы төрт айыл өкмөтү өзүн өзү каржылоого өткөн. Быйыл анын саны дагы өскөнү турат. Сузак районундагы көп улуттуу Ырыс айыл округу кийинки жылы толугу менен дотациядан чыгууга бел байлап жатат. Жергиликтүү бийлик киреше булагын эмненин эсебинен көбөйтүп, өз бюджетин кантип аткарып жатат?

Анткен менен байкоочу кеңештин райондук акимчиликтен көрсөтүлгөн мүчөсү Тазабек Сарпашев райондук фонддун акчасын бөлүштүрүүнү тымызын көзөмөлдөйт деген кинени жокко чыгарып, муну кызыкдар күчтөрдүн атайын уюштурган каралоосу катары кабыл алды. Ал болгону каражатты райондун сугат системасын жөнгө салуу боюнча долбоорлорго багытап, кайрак жерлерди өздөштүрүүнүн демилгечиси болгону үчүн айрым кесиптештеринин сынына кабылганын айтты:

- Фонддун акчасын каалагандай пайдалангандай мен киммин? Бул жерде райондун акими бар. Ал ошол фонддун каражатын бекитип, анын каякка жумшалышын бектип, көзөмөлдөп турат. Экинчи жагынан мына ошол каражатты бөлүүнү райондогу жергиликтүү депутаттардын кошмо жыйыны көзөмөл кылат. Сугат системасын жолго салалы, ошол жакка каражатты багыттайлы деп кыйкырганым үчүн эле мени сынга алып келишет. Ушул фонддун ачылганына 30 жыл болуп калды. Анын бир жеринен бир нерсе жесем, мени соо коюшпай соттойт эле да. Менден кыйындарды камап, соттоп жатышпайбы.

Бирок ошол эле кезде Токтогул районунун акими Майор Сатымкулов райондук фонддун каржысын көзөмөлдөөгө анын эч кандай тиешеси жок экенин айтып, Тазабек Сарпашевдин айткандарын жокко чыгарды. Аким Майор Сатымкулов каржыланып, бирок курулуп бүтпөй калган курулуш долбоорлору боюнча иликтөө жүрүп жатканын айтып, ага тиешелүү тараптар мыйзам чегинде жооп бериши керек деп билдирди:

- Каражат тендер менен портал аркылуу жүрөт. Ага биздин эч кандай тиешебиз жок. Бул эми акимдин иши эмес. Атайын фонддун Байкоочу кеңеши бар. Мына ошол аны көзөмөлдөйт. Анан чынында эле курулуш бүтпөй жаткан суу каналдары бар. Муну менен макулмун. Тендери өткөн. Ага кийлигишкенге биздин акыбыз жок. Отчет берилиши керек. Ошолорду кайра экинчи ирет ким каржылап жиберсе, ошол адам жооп бериши керек.

Учурда Токтогул райондук атайын фонддун каржылык ишмердигин башкы прокурордун тапшырмасы менен Жалал-Абад облустук прокуратурасынын тергөө тобу иликтеп жатканы белгилүү болду. Буга чейин Токтогул райондук прокуратурасы текшерип чыгып, андан кандайдыр бир каржылык мыйзам бузуулар табылган жок деген тыянак чыгарган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG