Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Энергетика: эки ача маалымат кайдан чыкты?


Токтогул суу сактагычы
Токтогул суу сактагычы

Тажик медиалары 2017-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга 13,5 млн. кВт/с электр энергиясын экспорттогонун маалымдаса, Энергохолдинг маалыматты жалганга чыгарып, энергия жетиштүү экенин айтууда.

“Тажикстандагы мониторинг жана кабарлоо” борборунун иликтөөcүнүн жыйынтыгына ылайык быйылкы жылдын алгачкы жарым жылдыгында бул өлкө жалпысынан 870 млн кВт/с электр энергиясын экспорттосо, анын 13 млн кВт/ саат энергиясын Кыргызстан сатып алган. Маалыматта бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 1,3 миллион кВт/саатка көп деп жазылат.

Кыргызстандын Энергохолдинги бул маалыматты жалганга чыгарып, жыл башынан бери коңшу Тажикстандан бир да киловатт электр энергиясын сатып албаганын айтууда.

- 2017-жылдын 1-январынан баштап, Тажикстан тарап менен электр энергиясын сатып алуу же сатуу боюнча эч кандай келишим түзүлгөн эмес. Биздин жарыяланып кеткен кабар боюнча маалыматыбыз бар. Биздин оюбузча ал маалыматты туура эмес которуп же жылын туура эмес жазып алышкан, - “Электрстанциялары” ААКтын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева.

Электрге баа: элет менен шаардын айырмасы

Электрге баа: элет менен шаардын айырмасы

Жогорку Кеңеште электр энергиясынын тарифин кайра кароо маселеси көтөрүлдү.

Энергетика министринин мурдагы орун басары, эксперт Раимбек Мамыров бул энергия сатып алуу эмес, алмашуу жолу менен келген болушу мүмкүн деген пикирде:

- Бул алмашуу жолу менен келген электр энергиясы болушу мүмкүн. Себеби 13 млн кВт/саат деген бул кичинекей эле көлөмдөгү энергия. Кышында Баткен облусунун кээ бир райондоруна энергияны Тажикстандан алабыз. Бирок аны кийин Кыргызстан кайтарып берет. Бул сатып алууга жана экспорт-импортко да кирбейт. Мындай тажрыйба илгертен бери бар.

Казакстан энергия алган жок

Кыргызстандын Энергохолдинги өткөн айдан бери Өзбекстан менен макулдашып, 1,25 млрд кВт/саат электр энергияны экспорттоп жаткан учуру.

Анткен менен бизден жыл сайын жай айында электр энергиясын алып келген Казакстан быйыл баш тартууга барды. Мындан улам Кыргызстан Токтогул ГЭСиндеги сууну агызганы маалымдалды. Энергетика жаатында эксперт Расул Умбеталиев бул жагдайга Энергохолдингдин жетекчилери айыптуу деген ойдо.

- Казакстан бизден 25 жылдан бери үзгүлтүксүз энергия алып келген. Быйыл дагы 3-5 млрд кВт/с электр энергиясын казактарга сатууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок сүйлөшүүлөр кандай өткөнү коомчулукка жарыяланбай, жыйынтыгында Казакстан бизден эмес, Өзбекстандан суу сатып алары маалым болду. Менимче, Энергохолдингдин жетекчилеринин казак жетекчилери менен жеке мамилеси да келишимдин түзүлбөй калганына таасир этти окшойт.

Токтогул суу сактагычы
Токтогул суу сактагычы

29-августка карата ГЭСте суунун көлөмү максималдуу көрсөткүчкө жетип, 19,5 млрд. куб метрди түздү. Энергохолдинг сууну техникалык агызуу нормалдуу иш-чара дегени менен, мурдагы энергетика министри, учурдагы депутат Осмонбек Артыкбаев айтылгандарга кошула бербейт.

- Негизинен гидромет алдын ала божомолдорду берип турат. Ошого жараша суунун көлөмү быйыл канча болору эсептелет. Натыйжада энергиянын булагы болгон суу, көмүр, газды салыштыруу жүрөт. Кайсынысы көп болсо энергия катары ошону колдонуп, топтолгон сууну техникалык агызууга жеткирбеш керек. Ал үчүн энергия балансты эсептеп жатканда сууну көп колдонуу зарыл.

“Электрстанциялардын” жетекчиси Узак Кыдырбаев Токтогул суу сактагычында сууну агызуу иш-чарасы токтогонун “Азаттыкка” айтып, ГЭС штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.

Ушул күндөрдө Токтогул суу сактагычына суунун агып кирүүсү секундасына 418 куб метрди түзсө, ГЭСтен секундасына 385 куб метр суу агып чыгууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG