Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Электр баасын кийинки өкмөт чечет


Кыргызстан эки тараптуу макулдашуунун алкагында Өзбекстанга электр энергиясын экспорттой баштады.

16-июндан тарта 1 кВт саат электр энергиясы коңшу өлкөгө 2 центтен сатылып жатат. Ал ортодо тарифти жогорулатуу тууралуу сөз көтөрүлө баштады. Эксперттердин бааны көтөрүү боюнча пикири эки ача.

Улуттук энергетикалык холдингдин маалыматына караганда, Кыргызстан жарым айдан ашуун убакытта коңшу өлкөгө 192,5 миллион кВт/саат электр энергиясын экспорттоду. Ушу тапта 1 кВт/саат электр энергиясын 2 центтен сатып жатат. Келишим боюнча октябрга чейин 1,25 миллиард кВт/саат экспорттоо пландалууда.

Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи

“Электр станциялары” ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиеванын “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу үчүн аны экспорттоо маселеси быйыл февралда талкууланган.

- Макулдашуу июнь айынан октябрга чейин түзүлдү. Мындай келишимдер бир эле жылга түзүлөт. Анткени бул Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнө жараша болот.

Аталган мекеменин билдиришинче, 6-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 18,78 миллиард куб метрге жетти. Өткөн жылы ушул маалда 14 миллиарддан бир аз жогору болчу.

Бааны көтөрүүдөн тайсалдаган бийлик

Ал ортодо коомчулукта электр энергиясына тариф көтөрүлөт деген сөз айтыла баштады. Мындай сөздүн чыгышына 4-июлдагы энергетика жана донор уюмдардын катышуусундагы Бишкекте өткөн жыйында тариф саясаты тууралуу маселе козголгону себеп болууда.

Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Таалай Нурбашев быйыл жыл аягына чейин баа өзгөрбөй турганын, бирок кийинки жылдары жагдайга карап кайра караларын белгиледи.

- Дүйнөлүк банк тарифти көтөрсө жакшы болот, кандай дейсиңер деген эле сөз болгон. Биз тараптан көтөрүлөт деп айтылган эмес. Кийинки жылы кандай болорун көрөбүз. Шайлоо болот, жаңы президент, жаңы премьер келет. Ошондо көтөрөбүзбү же жокпу, муну чечебиз. Бирок кийинки жылы баары бир каралат. 2018-жылдан 2021-жылга чейин каралат.

Электрге баа: элет менен шаардын айырмасы

Электрге баа: элет менен шаардын айырмасы

Жогорку Кеңеште электр энергиясынын тарифин кайра кароо маселеси көтөрүлдү.

Ал эми Эксперт Жаныбек Оморов тарифти көз карандысыз комиссия аныктап чыгышы керек деген пикирде:

- Тарифти бекиткен көз карандысыз, эч ким үстөмдүк кылбаган комиссия болушу керек. Ошол элге түшүндүрүп иштеши керек. Азыр жаңы жабдыктар келип атат, инвестиция жагы дагы бар. Токтогул ГЭСи оңдолуп жатат. Электр энергиясы үзгүлтүксүз келип турушу үчүн булар керектүү чыгымдар. Ошол чыгымдар тарифке аз-аздан кошулушу керек. Ошону төлөй турган маал келет да.

Коррупциядан арылбаган тармак

Бир жарым жыл мурун Дүйнөлүк банк Кыргызстандын электр энергиясынын тарифи өзүн актабасын айтып, бааны жогорулатуу сунушун берген. Анда жылына энергияны колдонуу көлөмү өсүп жатканы айтылып, 2020-жылга барып Кыргызстанда электр тартыштыгы 30 пайызга жетери айтылган. Бул сунушту мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов да колдоп жатат.

- Калкка сатылган тарифти азыр 1 центтен жогору, ал эми өндүрүшчүлөргө жок дегенде 3 центке көтөрбөсөк бул тармакты оңдой албайбыз.

Ушул тапта энергетикадагы жоготуу 11-13 пайызды түзөт. Темир Сариев өкмөттү башкарып турганда 1% жоготуу 150 миллион сом болорун айткан эле.

Тарифти көтөргөндөн мурда коррупциянын жолуна бөгөт коюш керек. Быйыл 2,5 млрд кВт электр энергиясын 4 цент же 2,70 тыйындан сатсаңар 6 млрд сом экспорттон каражат алмаксыңар.
Расул Умбеталиев

Көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиев мына ушул жоготууларды жана тармактагы коррупцияны кыскартканда бааны көтөрүүгө зарылчылык калбай турганын белгиледи.

- Тарифти көтөргөндөн мурда коррупциянын жолуна бөгөт коюш керек. Быйыл 2,5 млрд кВт электр энергиясын 4 цент же 2,70 тыйындан сатсаңар 6 млрд сом экспорттон каражат алмаксыңар. Экспорт маселесин туура чечүү керек. Толугу менен дефицитти жаап, тариф маселесин көтөрбөйт элеңер деп айтып жатам. Ал эми мамлекеттик сатуу маселесинде коррупция болуп жатат. Кымбат, сапатсыз материалдарды алып чоң зыян келтирип жатат.

Кыргызстанда электр тарифи акыркы жолу 2015-жылы жайында көтөрүлгөн. Бүгүнкү күнү 700 кВт саатка чейинки электр энергиясына баа 77 тыйын, андан ашканына 2.16 тыйындан тариф коюлган. Өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер 2.24 тыйындан төлөйт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG