Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:54

Кыргызстанда Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы стратегиялык объекттердин катарына кирди.

Бул Коопсуздук кеңешинин президент Алмазбек Атамбаев кол койгон чечиминде көрсөтүлдү. Мындай чечим болочокто энергетикалык ишканаларды менчиктештирүүгө, басып алууга тыюу салат жана өлкө коопсуздугун алдын алат деп айтылууда.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 31-июлда Коопсуздук кеңешинин “Стратегиялык объектилердин тизмесине сунуштар жөнүндөгү” чечимине кол койду. Ага ылайык, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы ачык акционердик коому Кыргызстандын стратегиялык өзгөчө маанилүү объектилеринин катарына кошулду.

Компания жетекчиси Айбек Калиев бул чечим өлкөнүн улуттук, энергетикалык коопсуздугун жана бул тармактын башка колго өтүп кетүүсүн алдын аларын "Азаттыкка" комментарий берип жатып билдирди:

Чех компаниясынын таржымалы талкууда

Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев ГЭСтерди кура турган чех компаниясы боюнча бир бүтүм чыгаруу азырынча эрте деп билдирди.

- Энергетикалык система башынан эле стратегиялык объекттерге кирчү. Токтогул ГЭСи, аба чубалгылары маселелери. Энергохолдинг түзүлгөнүнө бир жыл болуп калды. Бул арада энергокомпаниялардын баарынын тең акциялары бизге өткөрүлүп берилди. Негизинен улуттук, энергетикалык коопсуздук маселесинен улам жана жеке колго өтүп, сатылып, менчиктештирилип кетпеши үчүн бул тармак стратегиялык объекттердин катарына киргизилди.

Калиев муну менен энергетика тармагындагы реформаларды улантууга да шарт түзүлөрүн белгилеп жатат.

100% үлүшү мамлекеттин карамагында турган Улуттук энергетикалык холдинг ачык акционердик коому 2015-жылдын этегинде түзүлгөн. Ал Энергетика жана өнөр жай министрлигинин базасында иштелип чыккан. Өкмөттүн чечими менен Энергетика жана өнөр жай министрлиги жоюлуп, энергетикалык компаниялар, “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Жалал-Абад электр”, "Ош электр" бөлүштүрүүчү компанияларынан тышкары “Электр станциялары” жана “Улуттук электр тармактары” акционердик коомдору бул холдингдин курамына бириктирилген. Бул аракет аркылуу тармактагы коммерциялык жоготууларды азайтып, коррупцияны жеңүү аракети көрүлөрү айтылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев холдингдин ишине баа берүү эрте экенин жана ал реформаларды жүргүзүп жатканын белгилөөдө. Эл өкүлү буга энергетика тармагына менчик инвесторлордун киришин мисал келтирүүдө:

- Энергосистемада өзгөрүү көп болуп жатат. Көз карандысыз энергетикага жетиштик, Токтогул ГЭСин реконструкциялоо жүрүп жатат, башка жаңы объекттер курулуп жатат, Чех мамлекетинин ишкерлери менен келишим түзүлүп жатат. Мурда менчик инвесторлор бул тармакка келчү эмес.

Мамлекеттин отун-энергиясы боюнча 5-10% запасы дайыма болушу керек. Жаңы объекттер курула турган болгондо эле карап, шашып калып жатпайлыбы. Өлкөнүн өндүрүшүнө жардам бергендин ордуна кармап жатат, тиякка, бул жакка жетпей калып жатат.
Райымбек Мамыров

Энергетика министринин мурдагы орун басары, эксперт Раимбек Мамыров Кыргызстан көп жылдан бери бул тармактагы башкаруу ыкмасын тандай албай жатат деп эсептейт:

- Акыкы он жыл ичинде энергетикадагы башкаруу ыкмасын тандай албай бир министрлик, бир холдинг, бир комитет кылып жатабыз. Азыр холдингди стратегиялык объекттердин катарына кирди. Өзү бул тармакты республика үчүн мааниси бар тармак катары карап, ошондой мамиле кылуу керек. Муну жогорудан башкарууну ордуна коюп туруп караш керек. Азыр отун-энергетика саясатын комитет, чарбалык маселелесин холдинг карап атат. Шапкасы алмашкандай эле болуп, өзгөртүүлөрдөн эч нерсе болгон жок да. Өзү энергетика тармагы бир кадам алдыда жүрүшү керек. Мамлекеттин отун-энергиясы боюнча 5-10% запасы дайыма болушу керек. Жаңы объекттер курула турган болгондо эле карап, шашып калып жатпайлыбы. Өлкөнүн өндүрүшүнө жардам бергендин ордуна кармап жатат, тиякка, бул жакка жетпей калып жатат. Андай болбошу керек.

Кыргызстанда Токтогул суу сактагычы жана буга уйкаш аталыштагы каскадга караган ГЭСтердин бардыгы стратегиялык маанидеги объекттердин тизмесине киргизилген. Буга байланыштуу мыйзамга ылайык бул объекттер өзгөчө кайтарууга алынган. Мындан сырткары стратегиялык объекттер мамлекеттин карамагында болуп, сатыкка коюлбашы керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG