Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Сарпашевдин эски иши кайра козголду


Тайырбек Сарпашев.
Тайырбек Сарпашев.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашевдин аты аталган кылмыш иши кайра жанданды.

Бул иш боюнча ал "вице-премьер-министр кезинде тендерден утулган ишкананын кызыкчылыгы үчүн тапшырма берген" деп айыпталган эле. Кийин ал иш жабылып калганы кабарланган. Саясатчыга карата бир жыл мурда козголгон иштин кайра иликтене баштаганы түрдүүчө кабылданууда.

Кайра козголгон иш

Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы, экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге байланыштуу кайра жандандырылган иш жараксыз күбөлүктөр боюнча экенин ырастады.
Негизги көзөмөл мекемесинин басма сөз катчысы Наргиза Кубатованын айтымында, кайра тергеле баштаган иштин алкагында азырынча эч кимге айып коюла элек.

- Бул өзү токтоп турган иш болчу. Ал жандандырылып, азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Ишти иликтөө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) өткөрүлүп берилди, - деди Кубатова.

Кеп болуп жаткан факт боюнча иш Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин негизинде ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") былтыр март айында козголгон. Буга Мамлекеттик каттоо кызматынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү даярдоодо керектелген бланктарды сатып алыш үчүн 2013-жылы 28-мартта өткөн 8 миллион сомдук тендердеги мыйзам бузуу негиз болгон.

Тергөөдө аныкталгандай, беш жыл мурунку тендерде "Т.П" деп аталышы кыскартылган жоопкерчилиги чектелген коом менен "У." аттуу ачык акционердик коом катышкан. Жыйынтыгында биринчи аталган "Т.П" жеке фирмасы утуп чыккан. Ага карабай ошол кездеги вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бланктарды тендерден утпаган экинчи фирмадан сатып алуу тууралуу “мыйзамсыз протоколдук тапшырма бергени” аныкталганын Башкы прокуратура билдирген.

Натыйжада Мамлекеттик каттоо кызматы жеңген компания менен келишим түзбөстөн, тескерисинче, тендерден утулган компаниядан 40 миң нуска бланкты сатып алган. Кийин утулуп, бирок бланкты саткан фирма мамлекеттик “Учкун” акционердик коому экени да белгилүү болгон.

Бирок кылмыш иши былтыр жыл аягына жетпей токтоп калган. Азыр анын кайра жандандырылышы боюнча Сарпашевдин өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Тайырбек Сарпашев буга чейин бул иш тууралуу “Азаттыкка” буларды айткан эле:

- Вице-премьер-министр болуп тургандагы иштерим боюнча козголгон кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) иликтеген. Тергөө кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу токтотулду. Колума расмий кагазды алдым. Бланкалар боюнча менин күнөөм жоктугуна терең ишенем. Мен өзүмдүн аракетимде мыйзам бузуу болбогонун далилдедим.

40 миң жараксыз күбөлүк

Канткен күндө да “Учкун” ишканасынан алынган 40 миң нуска бланк жараксыз болуп чыккан. Тактап айтканда, документте "туулгандыгы тууралуу күбөлүк" деген жердин алдында микрошрифт, башкача айтканда, майда тамга менен "никелешүү тууралуу күбөлүк" деп жазылып калган.

Бул бланктардын негизинде жалпысынан 2012-2013-жылы туулган 40 миң балага күбөлүк берилген. Жараксыз документтин айынан жүздөгөн адам жабыркаганын буга чейин "Азаттык" жазып чыккан. Балдары менен сыртка кетип бараткан жарандарга ушул документтин айынан учууга уруксат берилбей, аэропорттон кайра кайтууга аргасыз болгон учурлар катталган.

Мамлекеттик катоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов ушул күнгө чейин бул күбөлүктөрдүн жарымы алмаштырылганын билдирди. Эржигитов аларга мамлекеттин эсебинен каражат жумшалганын айтып, бирок канча сумма кеткенин тактаган жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев күбөлүктөр боюнча иштин кайра тергеле баштаганын кубаттады:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Парламентте көтөрүлгөн резонанстуу, мыйзамсыз деген бир нече иш аягына чейин иликтенбей калды. Анын ичинде Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы, мыйзамсыз паспорттордун жасалышы, Кытай жарандарына берилиши, ошол эле күбөлүктөрдүн жараксыз болуп чыгышы да бар. Мен Сарпашев деп эле айтпайм, негизи эле Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупциялык иштердин бетин ачып, күнөөлүүлөрдү жазалаш керек. Антпесе бул тармактагы мыйзамсыз иштер дагы эле улана берет. Иш токтотулуп калгандыктан, айыптуулар жазасыз калып жатып, аягында жараксыз документтерди элге таратып жиберишкен. Анын айынан канча тургундар чет өлкөгө чыга албай, мамлекеттин бюджети зыян тартты. Экинчи жолу кайталанбай тургандай, эч качан жасалма паспорт жана күбөлүктөр берилбей тургандай кылып, кылмыш ишин аягына чыгарыш керек. Бул жерде 40 миң күбөлүктүн мыйзамсыз чыгып атканынын өзү кылмыш иши бар экенин далилдеп жатпайбы. Ал эми кылмыш болгондон кийин тиешелүү адамдар жазаланышы керек.

Кантсе да саясатчыга карата бир жыл мурда козголуп, кайра токтотулган иштин кайра иликтене башташы коомчулукта түрдүүчө кабылданууда. Саясат талдоочу Турат Акимов муну Сарпашевдин азыркы бийлик менен мамилеси начарлаганы менен түшүндүрөт:

Турат Акимов.
Турат Акимов.

- Былтыр кылмыш иши козголгон учурда президенттик шайлоо өнөктүгүнө даярдык башталып калган эле. Бийлик бир колдон экинчи колго өтөйүн деп жаткан чакта "КСДПнын мүчөлөрүн, өкмөт өкүлдөрүн, өнөктөштөрдү чочутуп албайлы" деп токтотуп коюшкан. Башкача айтканда эски режим атайын көз жуумп койгон. Анткени өкмөттөгү адамдарга иш козгоп, камакка алса саясий абал курчуп, ошо кездеги бийликтин командасынын адамдары башка блокторго өтүп кетиши ыктымал болчу. Иштин токтотулган себеби ошол. Азыр жаңы киши президенттикке келгенден кийин Сарпашев бийликке жакпаган тараптарга кошулууга аракет кылып жатканы билинип калышы мүмкүн. Ошол себептен эски иштин башын кылтыйтып, ага “жөн жүр” дегендей эскертүү берип жатса керек. Ага да болбосо башка иштерин деле кайра жандантып салышат. Балким президент Сооронбай Жээнбеков ишке киришкенинин бир жылдык мааракесине жыйынтык катары мурдагы мыйзамсыз иштерди кайра каздыртып, даярданып жаткан болушу да мүмкүн.

Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты, ишкер Тайырбек Сарпашев 2012-жылдан бери мамлекеттик маанилүү кызматтарда жүргөн. Ал 2014-жылга чейин өкмөттө экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министр, андан кийин биринчи вице-премьер-министр болгон. 2015-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалып, былтыр иштен кеткен.

Буга мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык Бишкек шаарынын борборундагы бир гектардан ашык жердин сатылып кеткени боюнча козголгон кылмыш иши негиз болгон. Сарпашев бул иште да өзүнүн күнөөсү жоктугун айтып келет.

Июлда президент Сооронбай Жээнбеков мурда токтотулган жана кыскартылган 500дөн ашык кылмыш иши кайра иликтенип жатканын билдирген.

Паспорт чыры: корейге айланган кыргыздар
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:22 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG