Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

Ипподром чыры, Мергенбаевдин арызы


Эркинбек Мергенбаев.
Эркинбек Мергенбаев.

Чолпон-Атадагы ат майданды куруу боюнча камалган ишкер Эркинбек Мергенбаев өлкө жетекчилигине кайрылды.

Кыргыз бийлиги Көчмөндөр оюндарын эми аймактарда өткөрүүгө белсенип турганы менен, алгачкы Көчмөндөр оюндарындагы чырга чекит коюла элек.

2014-жылы бул оюндарды өткөрүү алдында Чолпон-Атадагы ат майданды кыска убакытта кайрадан курган «Темир Канат» ишканасынын абактагы директору Эркинбек Мергенбаев өлкө президенти баш болгон жетекчилерге кайрылды. Кайрылууда учурда Бишкектеги №47 абакта кармалып турган ишкер өзүнө карата мыйзамсыз айыптар коюлуп, иш калыс тергелбей жатканын айтууда.

Мергенбаевдин маалыматы боюнча, Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ага карата козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы алты эпизод боюнча жаңы айып койгон.

Анда ишкер Кылмыш-жаза кодексинин «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу», «Алдамчылык», «Мыйзамсыз ишкердик», «Коммерциялык же башка уюмдарда ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдалануу», «Кылмышка аракеттенүү» беренелери боюнча шек саналууда. Бирок Эркинбек Мергенбаев бул тагылган эпизоддорго эч кандай тиешеси жок экенин айтып, ошол кездеги жогорку кызматтагы аткаминерлердин мыйзамсыз иштерин ага илүүгө аракет кылып жатышканын айтууда.

Ишкер алгач ага карата эки айып коюлуп жатса, калыстык издеп прокуратурага, парламентке кайрылган соң жаңы айыптар кошулуп жатканын белгилейт. Ал ошондой эле ат майдандагы айрым кемчиликтер үчүн жооптуу деп эсептеген мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баштаган адамдардын жоопкерчилигин кароого ишти караган тергөөчүлөрдүн кызыкчылыгы болбой жатканын кошумчалаган. Буга байланыштуу Эркинбек Мергенбаев президент Сооронбай Жээнбеков кайрылып, бул ишти өз көзөмөлүнө алууга жана тергөөнү УКМКга өткөрүп берүүнү суранууда. Бул кайрылууга президенттин аппараты жооп бере элек.

Ишкердин жубайы Айнур Мергенбаеванын айтымында, күйөөсүнүн ден соолугу абдан начарлап, абакта оор шартта кармалып турат.

- Күйөөмдү акыркы беш жылдан бери кыйнап эле келатышат, - деди жубайы. - Ал абакта отуруп, жатак абакка чыккан. Ошол маалда, тагыраагы 2015-жылы ичегисине үч жолу операция жасаткан. Мындан сырткары жүрөгү да оорулуу. Жалган жалаа жабылып, ден соолугун жоготконуна карабай эми дагы жаңы айыптар негизсиз коюлуп жатат.

ИИМ Эркинбек Мергенбаевге тагылган жаңы айыптар боюнча кеңири маалымат бере элек. Министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Жапаркулова иш боюнча тергөө жүрүп жатканын айтуу менен чектелди:

- Бул боюнча тергөө жүрүп жатат. Азырынча сотко жөнөтүлө элек. Иш боюнча жаңы жагдайлар болсо, аны тергеп жаткан тергөөчү менен сүйлөшүп, маалымат берилет.

Эркинбек Мергенбаевдин иши беш жылдан бери уланып келет. Биринчи Көчмөндөр оюндары өткөн соң Чолпон-Атадагы ат майданды тез арада курган «Темир Канат» ишканасынын жетекчисине карата кылмыш иши козголгон. Ал учурда Мергенбаев ошол кездеги президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Сапар Исаков мыйзам бузганын айтып, аны сындап чыккан эле. Буга байланыштуу ишкер кылмыш ишин бийликтин куугунтугу катары мүнөздөгөн.

Бир жыл мурда ошол кездеги өкмөттүн коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш бөлүмү «Сапар Исаковдун бул ишке тиешеси жок» деген билдирүү тараткан.

«Иликтөөнүн жүрүшүндө бир нече жолу курулуш-техникалык жана соттук-эсептик экспертизалар жүргүзүлдү. Алардын баары иштин акысы жогорулатылганын көрсөттү. Мындан тышкары Мергенбаев тарабынан ипподромго алынып келген отургучтар Кыргызстандын аймагына бажы көзөмөлүсүз жана төлөмүсүз киргизилгени аныкталды. Премьер-министрдин тергөө менен соттук жараянга кийлигишүүгө укугу жок. Сапар Исаков сотко жана анын андан аркы аракеттерине басым болбошу үчүн чыгарылган чечимге комментарий бербейт», - деп айтылган өкмөттүн билдирүүсүндө.

Кийин бул иш боюнча Мергенбаевди райондук сот актаган эле. Көп өтпөй Бишкек шаардык соту ишкерди алты жылга түзөтүүчү абакка кескен. Бирок ден соолугуна байланыштуу жатак абакка которулган.

Былтыр жыл аягында ИИМ Мергенбаевге карата мурдагы эле ат майдан боюнча экинчи кылмыш ишин козгоп, камакка алган. Ал учурда Мергенбаев мындай аракетти ИИМдеги айрым тергөөчүлөрдүн кеги катары баалашкан. Бул маселе боюнча депутат Жанарбек Акаев ички иштер министрине кайрылып, ишти караган тергөөчү алмашкан болчу.

Эми буга карабай айыпталуучуга карата жаңы айыптардын тагылып жатканын парламент депутаты Жанарбек Акаев куугунтуктун уланышы деп эсептейт.

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

- Эркинбек Мергенбаевге карата күч органдары тарабынан өтө адилетсиз мамиле болуп жатканын байкап жатам. Буга чейин анын ишин караган тергөөчүнү алмаштыруу боюнча кайрылган элем. Себеби ал тергөөчү мурда Сапар Исаков иштеп турганда ишкерге атайлап өчөшүп, кекчил мамиле кылган. Мергенбаев Сапар Исаковго карата ачык сын айтып, айыптап чыккан. Бирок жаңы бийлик алмашканы менен деле күч органдарында жеке өчү бар адамдар өз ишин улантып жатабы деген ойго келесиң. Анткени анын ден соолугу абдан начарлап, үй-бүлөсү менен кошо адилетсиз мамиле болуп жатат. Эгер бул иш боло берсе башка ишкерлерге да коңгуроо болуп, мамлекетке ишкерлер тарабынан эч кандай жардам болбойт.

Ал эми Мергенбаев кайрылуусунда атын атаган мурдагы жетекчилер бул ишке тиешеси жок экенин билдирип жатышат. Буга чейин «Азаттык» мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашевге бул маселе боюнча кайрылган.

Тайырбек Сарпашев.
Тайырбек Сарпашев.

​​- Менин Мергенбаев тууралуу маалыматым деле жок, - деген эле ал. - Ошол кездеги жагдай эсимде деле жок. Кырдаал ошондой болгон да. Убакыттын аздыгынан ошондой чечим кабыл алынса керек. Биринчи версиясында ат майданды кыска убакыттын ичинде куруш керек болгон. Сатып алуунун жол-жобосу узун да. Анан жайында кабыл алынган, күзүндө ачылышы керек эле. Ошондуктан чечимдер мыйзам чегинде кабыл алынган.

Буга чейин Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды курууга байланыштуу Мергенбаевдикинен башка дагы бир кылмыш иши 2018-жылы козголгон. Бул ишти учурда УКМК тергеп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG