Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 2-апрель, 2020 Бишкек убактысы 03:10

Аткаминерлер аралашкан жер чыры


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жогорку кызмат адамдарынын таасири менен айрым жарандардын Баш мыйзам кепилдеген менчик укугу бузулган учурлар катталууда.

Жеке ишкер Азиз Муратов Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылындагы жер тилкесин президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Тойчубек Касымовдун уулу Нурлан Касымов бир тууган жездеси Тайырбек Сарпашевдин таасири менен өзүнө каттап алып, өткөрүп бербей жатканына даттанды.

Буга чейин аталган кыймылсыз мүлккө карата анын менчик укугун Чүй облустук соту жана Жогорку сот тааныганына карабастан, жер тилкеси коргондолуп, ага мыйзамсыз үй курулуп калганы белгилүү болду.

Ошол эле кезде аталган жер тилкесин Тойчубек Касымовдун уулунан сатып алып, ага мыйзамдуу ээлик кылып келе жатам деп эсептеген Кылычбек Дүйшөналиев аталган жеке ишкер, тескерисинче, ал жер тилкесин кийин өзүнө каттап алганын айтып, ага доомат койду.

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бир эле жер тилкесин эки адамга бөлүп берүү тууралуу чыгарган токтомдорунун кесепетинен бул иш боюнча соттук териштирүү он жылга чукул убакытка созулду. Жогорку сот аягында жер талашка чекит коюп, жеке ишкер Азиз Муратовдун пайдасына чечим чыгарган. Бирок ал сот чечими аткарылбай жаткандыктан, жеке ишкер аталган жер тилкесин мыйзамсыз ээликтен бошотуу боюнча экинчи жолу сотко кайрылды.

Жер тилкесинин таржымалы

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы 21-номур коюлган он сотых жер тилкесин С. Курмашев деген жаранга бөлүп берүү тууралуу 2003-жылдын 19-августунда Көк-Жар айыл өкмөтүнүн №151 токтому чыккан. 2004-жылы 11-февралда Көк-Жар айыл өкмөтү аталган талаш жер тилкеси кошо ичине кирип кеткен 20 сотых жерди ошол кездеги президенттик администрациянын жетекчиси Тойчубек Касымовдун уулу Нурлан Касымовго жеке турак жай курууга бөлүп берүү тууралуу экинчи бир токтомун чыгарган. Аламүдүн райондук мамлекеттик каттоо бөлүмү 2004-жылы 25-мартта Нурлан Касымовдун аталган жер тилкесине менчик укугун каттаган. 2006-жылы 11-майда ал 10 сотых жерге С.Курмашевдин менчик укугун каттаган мамлекеттик акт берилген.

Кызыл китеп күткөндөрдүн үмүтү

Кызыл китеп күткөндөрдүн үмүтү

Кыргызстанда 42 миңден ашык үй-бүлө "Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышын күтүүдө.

Бул мезгилде С. Курмашев аталган жер тилкесин Б. Төрөев деген жаранга каттоо менен аны жеке ишкер Азиз Муратовго саткан. Бирок жеке ишкер жерге ээлик кыла алган эмес. Анткени тараптар Чүй район аралык сотунда соттошуп, анда айыл өкмөтүнүн баштапкы токтому жокко чыгарылган. Андан соң Азиз Муратов Чүй облустук сотуна даттанып, анын жер тилкесине менчик укугу калыбына келтирилген.

Бирок ошондон бери соттун чечимин аткарта албай жүргөн жеке ишкер Азиз Муратов анын менчик укугун тааныган Жогорку соттун чечимине карабастан жер тилкесин кайтарып ала албай жатканын айтты:

- Мен ал жер тилкесин жергиликтүү бир адамдан сатып алсам, кийин аны ээлеп алган киши мага бербей жатпайбы. Анан жердин буга чейинки кожоюну соттошуп жатып, Жогорку сотко чейин барып, анан мага утуп берген. Жердин мыйзамдуу токтомдун негизинде алынган кызыл китеби бар. Бирок Жогорку соттон уткандан кийин да аталган жер тилкесин тосмолоп алышып, ачтырбай, бизди жер тилкесине киргизбей коюшту. "Менин жерим" деп көк беттенип эле жер тилкесин бербей келатат. Ошого байланыштуу тосмону ачтыруу үчүн кайрадан сотко бергем. Ал да райондук соттон башталып, Жогорку сотко чейин барат окшойт.

Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы №21 жер тилкесинин талаштуу болуп, он жылга чукул убакытка созулган соттук териштирүүлөргө негиз болуп калышын жеке ишкер Муратовдун адвокаты Анастасия Катанцева жергиликтүү өз алдынча башкаруу органындагы жана Мамлекеттик каттоо кызматындагы калпыстыктар менен байланыштырды. Адвокаттын айтымында, айыл аймагындагы бир эле жер тилкесин эки башка жаранга бөлүп берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн токтомун чыгарган жооптуу кызматкерлер жазаланган эмес.

Ошол эле кезде адвокат Анастасия Катанцева Көк-Жар айыл аймагынын 2003-жылдагы токтомун райондук мамлекеттик каттоодон өткөргүчө, Нурлан Касымов аны өзүнүн тилкесине кошуп алууга негиз берген экинчи бир токтомду чыгартууга жетишкени соттордо аныкталганын айтып берди:

- Биздикилер айыл өкмөтүнүн токтомун алып, архитектура бөлүмүнөн документтерди жоболоштуруу жагы жүрүп жаткан мезгилде Нурлан Касымов 20 сотых жерди, анын ичинде биздин жер тилкени да жеке турак жай куруу үчүн алуу боюнча токтомду чыгартып алган. Анын бардыгы өтө тездик менен таризделген. Биз тарап ошол кезде документтердин баарын тапшырып, мамлекеттик каттоого коюп, мамлекеттик актыны колуна алганга үлгүрбөй калган. Ал эми негизи ал жер тилкесин бизге өткөрүп берүү боюнча баштапкы токтом чыкканы жана анын мыйзамдуу экенин соттор тааныды. Ошентип Нурлан Касымов тарабынан Жер кодексинин бир топ беренелери одоно бузулган. Ошого байланыштуу биз тарап аны сотко берген.

"Чоң колдордун" таасири

Чүй район аралык соту 2009-жылы 15-июнда С. Курмашевге 10 сотых жер тилкесин бөлүп берүү тууралуу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2003-жылдагы токтомун жана анын негизинде 2006-жылдын 11-майында берилген Аламүдүн райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн мамлекеттик актысын жокко чыгарган чечим кабыл алган. Бирок бул сот чечимине нааразы болгон жеке ишкер Азиз Муратовдун апелляциялык арызын караган Чүй облустук соту 2009-жылы 28-июлда Көк-Жар айыл өкмөтүнүн С. Курмашевге жер тилкесин берүү боюнча 2003-жылдагы баштапкы токтомун жана 2006-жылы берилген мамлекеттик актыны мыйзамдуу деп тааныган. Ошондон кийин аталган 10 сотых жерди кийин чыгарылган айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде өзүнүн тилкесине кошуп алган Нурлан Касымов Жогорку сотко арызданып, бирок Жогорку сот 2009-жылы 29-октябрда Чүй облустук сотунун аталган чечимин күчүндө калтырган. Бул аралыкта Нурлан Касымов аталган жер тилкесин Кылычбек Дүйшөналиевге сатып жиберген.

Жеке ишкер Азиз Муратов Тойчубек Касымов менен Тайырбек Сарпашевдин бийликтеги ири байланыштары аркылуу аталган жер тилкесинин ага таандык экенин тааныган сот чечими аткарылбай жатат деп эсептейт:

- Ошол жер тилкесине мыйзамсыз салып алган үйдө башка бир киши жашайт экен. Ошол адам эле "мен жерди Нурлан Касымовдон сатып алгам" деген шылтоо менен жер тилкесин бошотуп бербей, ага кире турган коргонду ачпай жатат. Бул иштин башында Тойчубек Касымовдун уулу Нурлан Касымов турат. Анын башында Тайырбек Сарпашев турат. Сарпашев болсо анын бир тууган жездеси, Тойчубек Касымовдун күйөө баласы. Убагында тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары алардын көзүн карап, документ жасап берүүгө аргасыз болгон окшойт. Ошондуктан ал адам мага жерди саткан адамдын үстүнөн эле мамкаттоону күчкө салып, кызыл китеп алып алган экен. Ошонун баары сотто аныкталып, биз бардык соттордон утуп чыкканбыз.

Анткен менен учурда Көк-Жар айылындагы ошол жер тилкесине ээлик кылып, андагы курулган үйдө жашап жаткан Кылычбек Дүйшөналиев жеке ишкер Азиз Муратовдун айткандарын негизсиз доомат катары кабыл алып, бул иште президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Тойчубек Касымов менен анын күйөө баласы мурдагы вице-премьер-министр жана Мамкаттоо кызматынын мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашевдин таасири болушу мүмкүн эмес экенин билдирди. Аталган жер тилкесин Нурлан Касымовдон сатып алган Кылычбек Дүйшөналиев алардын таасири болбогон үчүн район аралык соттон утуп чыкканы менен Чүй облустук соту менен Жогорку сотто уттуруп жиберишкенин мисал келтирди.

Ал эми учурда ал жер тилкесине иш жүзүндө ээлик кылып турган Кылычбек Дүйшөналиев 14 жыл мурун жерди сатып алганын айтып, бул жагдайда анын өзүнүн менчик укугу басмырланып жатканы тууралуу жүйөсүн келтирди:

- Тескерисинче, алар өздөрү баскынчылык кылып, жасалма документ жасатып алышкан. Анан кийин Бакиевдин мезгилинде сотторго акча берип, чечим чыгартып алышкан. Аталган жер тилкесин мен 2004-жылы Нурлан Касымовдон сатып алгам. Ал эми тигил тарап болсо ошол жерге мамлекеттик актыны 2006-жылы экинчи ирет алып жатышпайбы. Меники бүт мыйзамдуу болгондуктан, ошол жерге там салып жашап жатам. Соттор болсо, бирде мага, бирде ага чечим чыгарып салышкан. Негизи бирөөнүн мүлкүн тартып алыш оңой эмес да.

Ошол эле кезде Жогорку соттон соңку чечим чыкканына карабастан Кылычбек Дүйшөналиев өзүнүн жер тилкесине болгон менчик укугун коргоп жаңыдан пайда болгон жагдайлардын негизинде кайра сотко кайрылган болчу. Бирок жакында арыз берүүчү тарап өзү ишти кайрадан каратуу боюнча Жогорку соттун аныктамасын чыгартууга берген арызын кайра артына чакыртып алды.

Кылычбек Дүйшөналиев бирок ал оңой менен жерди бошотуп бербей турганын айтып, аягына чейин күрөшө турганын билдирди:

- Буга чейин парламент депутаттарына арыз жаздым. Президентке жазгам. Мага Мамлекеттик каттоо кызматынан тиешелүү жооп кат келген. Анда ошол мен үй салган жер тилкесине жаңылыштык менен экинчи ирет мамлекеттик акты берилип калганы көрсөтүлгөн. Алар документти кийин жасап алышкан. Ал жерде он сотыхтан эки жер тилкеси бар. Анын бирин мен Нурлан Касымовдон сатып алгам. Экинчисинде болсо Нурлан Касымов өзү турат. Ал эми тигил жак болсо мен сатып лаган жер тилкесин талашып жүрөт. Мен аягына чейин турам.

Комиссиянын тыянагы

Жеке ишкер Азиз Муратовдун адвокаты Анастасия Катанцева Көк-Жар айылындагы аталган жер тилкесин бошотуу боюнча Аламүдүн райондук сотуна кайрылды. Анын астында адвокат аталган жер тилкесинин абалын аныктоо боюнча жер-курулуш комиссиясын түзүү тууралуу арыз жазып, Көк-Жар айылдык кеңешине кайрылган. Бул комиссия жер тилкесине мыйзамсыз ээлик кылуу фактысын аныктап, тыянак чыгарган. Учурда Азиз Муратовдун адвокаты мына ошол тыянакты Аламүдүн райондук сотунун кароосуна тапшырганы турат.

Адвокат Анастасия Катанцева жер-курулуш комиссиясы жер тилкесиндеги үйдү бузуп, аны мыйзамдуу ээсине бошотуп берүү боюнча тыянак чыгарганын билдирди:

- Юридикалык жактан менин коргоомдогу адамга таандык жер тилкеси, андагы курулган үй жана башка жер болуп, баш-аягы аянты 70 сотых турган жер тилкеси ал жактан өтүүчү жол менен кошулуп, коргондолуп, тосулуп коюлган. Ал жерге барып, текшерген комиссиянын тыянагында ошол жагдайлар эске алынып, аталган жер тилкеси кимге таандык экени жана анда кимдин үйү курулганы көрсөтүлгөн. Ошол тыянакты биз эми сотко негизги далил катары көрсөтөбүз. Бул жер тилкеси менин коргоомдогу адамга кандай документтердин негизинде таандык экени комиссиянын тыянагында жазылган. Анда айыл өкмөтүнүн баштапкы токтому, мамлекеттик акты, алды-сатты келишими жана соттордун чечимдери сыяктуу укукту аныктоочу документтердин түп нускалары тыянакка тиркелген. Ошол жер тилкесине мыйзамсыз үй курулганы көрсөтүлүп, анда жашагандарды көчүрүү жана курулуштарды бузуу эскертүүсү киргизилген.

Эксперттер эмне дейт?

Бир эле жер тилкесин эки адамга бөлүп берүү боюнча чыгарылган айыл өкмөтүнүн эки башка токтомдорун юристтер укуктук калпыстык катары баалашат. Муну жарандын менчик укугун бузууга алып келген мыйзамсыз аракет катары караган юристтер менчиктин кол тийбестиги тууралуу принцип ушуга окшогон укуктук чалкештиктен улам ишке ашпай жатканын белгилешти.

Мурдагы судья, юрист Калтарбек Кыдыров мындай жагдайда менчик укугун тастыктоочу баштапкы документтерге маани бериле турганын билдирди:

- Конституцияда менчиктин бардык түрү бирдей корголо турганы көрсөтүлгөн. Талаш-тартыштар эмнеден келип чыгып жатат? Негизи жер тилкеси үч жол менен менчикке өтөт. Биринчиси - мураска калса, экинчиси - алды-сатты келишими менен, үчүнчүсү - ыйгарым укуктуу органдын чечими менен. Бул жерде ыйгарым укуктуу органдын катачылыгы менен менчикке туура эмес чечими менен таризделип кеткен жер тилкелери боюнча талаштар чыгат. Мындай учурда соттук практикада судьялар өкүм чыгарууда укукту аныктоочу баштапкы документ кимге берилсе, ошонун кызыкчылыгын коргойт. Мислалы, ыйгарым укуктуу орган катары айыл өкмөтү эсептелсе, анда анын жер тилкесин бөлүп берүү боюнча токтому баштапкы укуктук документ болуп саналат.

Аламүдүн райондук соту жакында жеке ишкер Азиз Муратовдун Көк-Жардагы жер тилкесин мыйзамсыз ээликтен бошотуу тууралуу арызын сот өндүрүшүнө кабыл алды. Буга чейин сот жараяндары Жогорку соттогу жаңы жагдайларды аныктоо боюнча соттон улам артка жылып отуруп, жакында 29-октябрга дайындалды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (5)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG