Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Жаш кыздарга карата ыплас аракеттер үчүн айыпталган чек арачынын иши кайра кароого жиберилди


Кыргызстандын Жогорку соту.
Кыргызстандын Жогорку соту.

Кыргызстандын Жогорку соту ыплас аракеттерге айыпталган мурдагы чек арачынын ишин кайра кароого жиберди. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын адвокаты Самат Матцаков 1-декабрда «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Жогорку соттун 1-декабрдагы чечими менен Токмок шаардык жана Чүй облустук сотторунун чек арачыга карата буга чейинки чечимдери жокко чыгарылды. Ишти кайра Токмок шаардык соту карай турган болду.

Буга чейин Токмок шаардык соту жаш кыздарга карата жыныстык мүнөздөгү ыплас аракеттерди кылган деп айыпталган шектүүгө айып пул салган. Чүй облустук соту аны күнөөлүү деп таап, бирок мунапыс менен бошоткон.

Жабыркаган тарап бул чечимдерге нааразылык билдирип, жогорку инстанцияга кайрылган.

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы да Чүй облустук сотунун чечимине каршы Жогорку сотко даттанган.

Чуулгандуу окуяга байланыштуу иштен алынган мурдагы чек арачы 2019-жылдын августунда Токмокто беш жана он жаштагы эки кызга карата жыныстык мүнөздөгү ыплас аракеттерге барган деп айыпталган. Ишти Аскер прокуратурасы иликтеп, сотто шектүүгө 14 жыл жаза мөөнөтүн сураган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, келишимдик негизде иштеген мурдагы чек арачы мас абалында Токмоктогу кичирайондордун биринде беш жашар кызга ыплас жоруктарды көрсөткөн. Ошол эле күнү коңшу турган көп кабаттуу үйдүн алдында отурган эки секелектин бирин кучактап, ыплас аракеттерди жасаган. Күбөлөр көрүп калгандан кийин качып кеткен. Тергөө анын күнөөсү экспертизада жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен далилденген деп эсептейт. Беш жана он жаштагы эки кыз тең окуядан кийин психологиялык жактан жабыр тартканын укук коргоочулар жана алардын ата-энелери айтып жатышат.

Айыпталуучу тарап окуя тууралуу комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG