Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

АКШ: Висконсин штатында Байден жеңгени ырасталды


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президентин шайлоодо Висконсин штатында демократиялык партиянын талапкери Жо Байден утуп чыкканын аймактын шайлоо комиссиясынын башчысы Энн Жейкобс расмий ырастады.

Жейкобс кол койгон документтерге ылайык, Байден азыркы президент Трамптан 20 700 добушка көп алган. Эми бул жыйынтыкты штаттын губернатору Тони Эверс тастыктоого тийиш. Бир нече саат мурда Байдендин утушун Аризона штатынын расмий адамдары билдиришкен.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда болуп өткөн.

Трамптын шайлоо штабы добуш берүүдө жана аны саноодо мыйзам бузулду деген жүйө менен бир нече арызды сотторго жиберген. Бирок алардын дээрлик көпчүлүгү негизсиз деп четке кагылган.

14-декабрда АКШнын шайлоо коллегиясы өзүнүн отурумунда быйылкы президенттик шайлоодо ким жеңгендигин биротоло тастыктайт.
Жо Байден 2021-жылдын 20-январында ант берип, кызматка чыгышы керек.

XS
SM
MD
LG