Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Трамптын коронавирус боюнча башкы кеңешчиси кызматтан кетти


Скотт Атлас Дональд Трамптын коронавирус боюнча кеңешчиси болуп төрт ай иштеди.
Скотт Атлас Дональд Трамптын коронавирус боюнча кеңешчиси болуп төрт ай иштеди.

АКШнын президенти Дональд Трамптын коронавирус боюнча кеңешчиси Скотт Атлас кызматтан кетти. Ал мындай чечими тууралуу «Твиттердеги» баракчасына: «Мага Дональд Трампка жана Америка элине ушундай кыйчалыш кырдаалда кызмат кылуу сыймык болду», деп жазды.

Атластын коомдук саламаттык же инфекциялык оорулар жаатында тажрыйбасы болгон эмес жана ал Трамптын кеңешчиси болуп төрт ай иштеди. Ал убактылуу эмгек келишими менен ишке алынган, анын мөөнөтү ушул аптада аяктайт.

Атлас жапырт беткап тагынып, социалдык аралыкта сактоо, мектептерди жабуу сыяктуу карантин чараларын колдогон эмес жана ушундан улам коомчулукта, окумуштуулар чөйрөсүндө сынга кабылган.

АКШнын башкы инфекционисти Энтони Фаучи аны Трампка берген маалыматтарынан улам айыптаган.

Скотт Атлас өткөн айда Орусиянын мамлекеттик «Russia Today» каналына чыккан маеги үчүн кечирим сураган. Анда бул телеканал Кошмо Штаттарда чет элдик агент катары таанылганы боюнча маалыматы жок болгонун билдирген.

«Russia Today» каналын мындан туура үч жыл мурун АКШнын атайын кызматы «мамлекет башкарган үгүт машинеси» деп мүнөздөгөн баяндама жарыялаган соң чет элдик агент катары катталган.

XS
SM
MD
LG