Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:57

Германияда теракттан эки киши мерт болду


Трир шаарындагы теракт болгон жер. 1-декабрь, 2020-жыл.
Трир шаарындагы теракт болгон жер. 1-декабрь, 2020-жыл.

Германиянын батышындагы Трир шаарында жеңил автоунаанын айдоочусу жөө адамдарды тебелетип кетип, кеминде эки киши мерт болду.

Калаа башчысы Вольфрам Ляйбе бери дегенде 15 киши жабыркаганын, бирок бул акыркы маалымат эмес экенин билдирди.

Окуя 1-декабрда түштөн кийин Хауптмаркт аянтына жакын жердеги жөө адамдар жүрө турган аймакта болгон. Полиция колго түшүрүү маалында каршылык көрсөткөн Германиянын 51 жаштагы жаранын кармады.
Ноябрдын башында Германиянын Конституцияны коргоо боюнча федералдык мекемесинин башчысы Томас Хальденваң өлкөдө террордук коркунучтун деңгээли «жогору» экенин билдирип, укук коргоо органдарын кыраакы болууга чакырган. Октябрдын башында жана ноябрдын аягында Европада бир нече теракт болгон.

Алгач Парижде 18 жаштагы чечен улутундагы окуучу тарых мугалими Самюэл Патини мыкаачылык менен өлтүргөн. Буга сөз эркиндигине арналган сабакта окутуучунун Мухаммед пайгамбарга тартылган карикатураны көрсөткөнү себеп болгон.

Бир нече күндөн кийин Ницца шаарында бычак менен куралданган киши чиркөөгө кирип барып, андагы адамдарга кол салган. Жыйынтыгында үч киши каза болуп, алтоо жаракат алган.

2-ноябрда Түндүк Македониядан барган 20 жаштагы жигит Вена шаарынын борборунда адамдарга ок аткан. Жыйынтыгында төрт киши мерт болуп, 23ү жаракат алган.

XS
SM
MD
LG