Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:54

УКМК «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын директору кармалганын билдирди


УКМК 3-декабрда тараткан сүрөт. 2020-жыл.
УКМК 3-декабрда тараткан сүрөт. 2020-жыл.

«Кадастр» мекемесинин директору коррупция боюнча шектүү катары кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 3-декабрда билдирди.

Маалыматта мекеменин жетекчилиги аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынан мыйзамсыз түрдө акча чогултуп келгени айтылат.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы сотко чейинки териштирүү иштеринин алкагында бул коррупциялык схеманы аныктаганы белгиленген.

Маалыматка караганда, иликтөө иштеринде бул ишке «Кадастр» ишканасынын директорунун катышы бар экени аныкталып, ал 2-декабрда кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Тергөө жүрүп жатат.

«Кадастр» мекемеси УКМКнын билдирүүсү тууралуу комментарий бере элек.

Бул ишкана өкмөттүн карамагындагы Жер ресурстары боюнча агенттикке карайт. (NT)

XS
SM
MD
LG