Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Президенттик шайлоого катышуудан 11 жаран баш тартты


Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин 11и берген арыздарын 3-декабрда кайтарып алды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы маалымдагандай, арыздарын кайтарып алуу тууралуу өтүнүч менен Базарбай Темишов, Акжолтой Тукунов, Арсланбек Малиев, Турсунбай Бакир уулу, Жамбылбек Камчиев, Адилет Маматов, Азамат Эсенбеков, Бактыбек Жумагулов, Абдыкаар Сыдыков, Санжарбек Энназаров жана Кубанычбек Исабеков кайрылышкан.

Буга чейин Садык Шер-Нияз, Сазыкбай Турдумалиев, Турсунбек Жумабеков баштаган сегиз киши арыздарын кайтарып алган.

Шайлоого катышуу ниетин билдирип, бирок кайра баш тарткандардын жалпы саны 19 болду.

БШК мындан тышкары мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билгени тууралуу сертификаттарды көрсөтпөгөнү үчүн жана соттуулугу бар деген негизде 12 жарандын документтерин кайтарып берген.

3-декабрь - чогултулган кол тамгаларды тапшыруунун акыркы күнү болчу. Бул күнү жалпы 21 киши чогултулган кол тамгаларын БШКга тапшырды. Алардын биринин чогулткан кол тамгалары белгиленген чекке жетпей калгандыктан өзүнө кайтарылды.

Башында шайлоого президенттикке талапкер катары катышуу ниетин 65 киши билдирген.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өткөнү жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG