Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Молдова парламенти орус тилинин макамын мыйзамдаштырып жатат


Молдова парламенти чуулгандуу мыйзам долбоорлорун карап жаткан чакта жүздөгөн жарандар каршылык акциясына чыкты.
Молдова парламенти чуулгандуу мыйзам долбоорлорун карап жаткан чакта жүздөгөн жарандар каршылык акциясына чыкты.

Молдовада парламент бейшембиде өлкө аймагында орус тилине «улут аралык баарлашуу тили» деген расмий макам берген мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Эгер бул мыйзам толук кабыл алынса мамлекеттик кызматкерлер жарандарга орус тилинде да маалымат берүүгө милдеттүү болот. Ошондой эле дары-дармектер үчүн орусча кошумча нускамалар чыгарылат.

Мындан сырткары орус телеканалдарын Молдовада көрсөтүүгө уруксат берген демилге да парламентте биринчи окууда колдоо тапты.

Молдаванын бийлиги 2018-жылы өлкө аймагында орус каналдарын көрсөтүүгө тыюу салган.

Ушул эле күнү парламент жаңыдан шайланган президент Майя Сандуну өлкөнүн Коопсуздук жана маалымат кызматына көзөмөл кылган ыйгарым укуктарынан ажыратты. Депутаттар бул мыйзамды карап жаткан учурда Сандунун тарапташтары парламенттин имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүп турушту.

Экс-премьер-министр, Дүйнөлүк банктын мурдагы экономисти Майя Санду өткөн айда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында атаандашы, орусиячыл саясатчы Игорь Додонду жеңип чыккан.

48 жаштагы Санду коррупцияга каршы аёосуз күрөшөрүн айтып, Европа Биримдиги менен тыгыз байланыш түзүүгө убада берген жана жикчил Днестр бою аймагынан орус аскерлерин чыгарууга аракет кыларын билдирген.

Орус тилдүү калк басымдуулук кылган Днестр бою 1990-жылы Молдовадан бөлүнүп, өзүн эгемен өлкө деп жарыялаган. Бирок эл аралык коомчулук аны Молдованын бир бөлүгү деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG