Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:57

Ашхабадда айдооочулук күбөлүк үчүн аялдардан документ алына баштады


«Азаттыктын» түркмөн кызматы билдиргендей, бул өлкөдө соңку эки жылдан бери кыз-келиндерге айдоочулук жаңы күбөлүк берилбей калган жана буга чейинкилердин мөөнөтү узартылбай жаткан.
«Азаттыктын» түркмөн кызматы билдиргендей, бул өлкөдө соңку эки жылдан бери кыз-келиндерге айдоочулук жаңы күбөлүк берилбей калган жана буга чейинкилердин мөөнөтү узартылбай жаткан.

Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында Жол көзөмөл кызматы 1-декабрдан тартып айдоочулук күбөлүккө кыз-келиндерден документтерди кабыл ала баштады. «Азаттыктын» түркмөн кызматы аялдар баш-аягы 13 документ тапшырышы керек экенин жазды.

Бирок бийлик бул боюнча расмий маалымат тарата элек. Кабарчылар ырастагандай, документтер Ашхабаддын №11 кичирайонунда гана кабыл алынып жатат жана бул жараян 12-декабрга чейин эле созулат. Ошондой эле документ тапшыргандардын баары эле айдоочулук күбөлүк аларына кепилдик жок.

Полиция келген аялдарга чечимди атайын комиссия кабыл аларын маалымдаган.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы билдиргендей, бул өлкөдө соңку эки жылдан бери кыз-келиндерге айдоочулук жаңы күбөлүк берилбей калган жана буга чейинкилердин мөөнөтү узартылбай жаткан. Күч түзүмдөрү анын себебин түшүндүрүшкөн эмес.

Полициядагы ишенимдүү булактар билдиргендей, анда ошол кездеги ички иштер министри президент Гурбангулы Бердымухамедовго жол кырсыктарынын көбү аялдардын айынан болуп жатканы тууралуу баяндама жасаган жана ошондон кийин кыз-келиндерге айдоочулук күбөлүк берүү токтогон.

Түркмөн мыйзамдарында аялдар менен эркектер тең укукта экени жазылган.

XS
SM
MD
LG