Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:30

Сузакта Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкери паракорлук фактысы менен кармалды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик агенттиги (УКМК) Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкери паракорлук фактысы менен кармалганын кабарлады.

Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси ыкчам-издөө ишинин алкагында 27-ноябрда УКМК кызматкерине 60 миң сом берип жатканда колго түшкөн.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, ал райондун аз камсыз болгон жашоочуларынын социалдык төлөмдөрүнө байланыштуу документтердеги мыйзам бузууларды оң жагына чечүү үчүн УКМК кызматкерине берген.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси (Пара берүү) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG