Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

Сурабалдиева: Протоколго кирбеген дарылоодон Жалал-Абадда сегиз бейтап өлдү


Вирустун коргоочу атайын кийимчен медицина кызматкери. Сүрөттүн кабардагы маалыматка тиешеси жок.
Вирустун коргоочу атайын кийимчен медицина кызматкери. Сүрөттүн кабардагы маалыматка тиешеси жок.

Коронавируска чалдыккандарга протоколго кирбеген дары-дармектерди берүү бейтаптарды өлүмгө жеткирүүдө.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 5-декабрда "Твиттерге" жазды.

"Жалал-Абаддагы менчик ооруканадан тогуз бейтап мамлекеттик аймактык ооруканага которулду, алардын сегизи көз жумду. Прокуратурага иликтөө тапшырмасы берилди. Бул - жаңжал",- деген Сурабалдиева окуя качан болгонун жазган жок.

Вице-премьер-министр 2-декабрда Кыргызстанда коронавирус күчөп турган жай мезгилинде Кытайдан келген күмөндүү дарылар таратылганын айткан. Өкмөт өкүлү препараттар сыноодон өтпөгөнүн белгилеп, ага жооптууларды айыптаган.

Саламаттык сактоо министрлиги кеп болгон каражаттар гуманитардык жардам катары келгени үчүн бейтаптарга кошумча берилгенин билдирген.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын 4-декабрдагы расмий кабарына ылайык, андан бери коронавирус 74 373 кишиге жукту, алардын 1285и каза болуп, 66 113ү айыкты.

Дүйнөдө бул ооруга кабылгандардын саны 66 миллионго жакындап калды. Алардын 1,5 миллиондон көбү жашоо менен кош айтышып, 42 миллиондон ашууну сакайды. (SE)

XS
SM
MD
LG