Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:11

Министр Фальков: Орусияга четтен 100 миңдей студент келе албай жатат


Буга чейин Орусиянын жогорку окуу жайларында билим алып жүрүп, азыр ал жакка жетпей калган Кыргызстандагы, Казакстандагы жана Тажикстандагы жаштар маселе көтөрүшкөн.

Орусиянын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков ушул тушта чет өлкөлүк 100 миңге жакын студент келе албай жатканын билдирди. Ал бул маселени орус жогорку окуу жайларына четтен келип окугандар маселеси боюнча жолугушууда айтты.

«Чет өлкөлүк студенттерди окутуу - эң орчундуу маселелердин бири. Анткени Орусиянын жогорку окуу жайларында башка жактан келген 300 миңдей улан-кыз билим алат жана алардын үчтөн бири ар кандай себептерден улам Орусия Федерациясына келе албай жатат», - деди министр.

Фальков орус университеттери аларды аралыктан окутууга аракет кылып жатканын, бирок убакыттагы айырмачылыктан улам жана байланыштын начардыгынан сабактар үзгүлтүккө учурап, күткөндөй жыйынтык болбой жатканын белгиледи.

Министр коронавирус пандемиясынын айынан азыр Орусия чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууга даяр эмес экенин айтты.

Буга чейин Орусиянын жогорку окуу жайларында билим алып жүрүп, азыр ал жакка жетпей калган Кыргызстандагы, Казакстандагы жана Тажикстандагы жаштар маселе көтөрүшкөн.

Орусиядагы 300 миңдей чет өлкөлүк студент бул мамлекеттеги 700гө жакын жогорку окуу жайында жана алардын 465 филиалында билим алат.

Москвада 13-ноябрдан тартып карантин чаралары кайра катаалдашкан жана борбор шаарда окуган студенттер аралыктан окууга өткөн.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG