Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

«Адилет» клиникасы: Конституциянын талкууга коюлган долбоору чийки


Баш мыйзам.
Баш мыйзам.

Кыргызстандагы «Адилет» укуктук клиникасы коомдук талкууга коюлган «Конституция жөнүндө» мыйзам долбооруна карата талдоосун жарыялады.

4-декабрда таратылган маалыматта талдоонун жыйынтыгында «Адилет» укуктук клиникасы бул мыйзам долбоору чийки жана кайра иштеп чыгууга муктаж деген чечимге келгени айтылат.

Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча коомдук талкууга коюлган долбоорго биринчи жолу терең жана системалуу талдоо жүргүзүлгөн.

Уюм адам укуктарынын эл аралык стандарттары, Кыргызстан кол койгон эл аралык келишимдер боюнча милдеттери, мыйзамдуулук принциптеринин сакталышы жагынан талдоо жүргүзгөн. Натыйжада «Баш мыйзамдын долбоору коомдук талкууга чыгарууга даяр эмес, ал мыйзамдуулук принциптерин жана укуктарды бузат» деген тыянакка келген.

«Долбоорду изилдөө анда укук үстөмдүгү жана адам укугунун макамы төмөндөп кеткенин көрсөттү» деп айтылган «Адилет» укуктук клиникасынын билдирүүсүндө.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун буйругу менен 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлүп, ишин баштаган.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат. Ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон, президенттик шайлоодо ат салышарын билдирген Садыр Жапаров жарандык коомдун Баш мыйзамга байланыштуу сынына «бул - диктатураны эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзамдын долбоору» деп жооп кайтарган.

Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн.

Мыйзам долбоору шашылыш түрдө Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жалпы жыйынына биринчи окууга киргизилип, бирок кворум жок болгондуктан депутаттар ага добуш берген жок. (NT)

XS
SM
MD
LG