Аэрокосмостук изилдөөлөр боюнча жапондук агенттиктин (JAXA) 5-декабрда маалымдашынча, жашоонун келип чыгышын изилдөөдө ачкыч болушу ыктымал деп саналган астероиддик үлгүлөр камтылган жапондук капсула Австралиянын алыскы аймагына конгондугу тастыкталды. Бул окуя – жапондук «Хаябуса-2» деп аталган автоматтык планеталар аралык кемесинин 5 миллиард чакырымдык узак жолду байсалдуу басып өткөндүгүнүн туу чокусу болуп калды.
Бул аралыкты жапондук космостук кеме алты жылда басып өттү. «Хаябуса-2» автоматтык кемеси 2014-жылы космос мейкиндигине чыгарылган. 2018-жылы ал Рюгу аталган астероидге жеткен жана аны бир жарым жыл ичинде иликтеген. Андан соң астероиддин таштак бетине эки ирет конуп, андан таштуу кыртыш үлгүлөрүн сындырып алган.
Бир жыл мурда автоматтык космос кемеси 300 миллион чакырым алыстыктагы бул астероидден кайра Жерди көздөй учуп чыккан. Кемеден атылган капсула атмосферага кирген соң, парашют аркылуу акырын кондурулган.
Илимпоздор астероид үлгүлөрүндөгү органикалык заттарды изилдеп, жашоонун келип чыгышы жана Ааламдын калыптанышы сыяктуу суроолорго жооп табууга аракет кылышмакчы. Айрым окумуштуулардын жоромолуна караганда, дал ушундай астероиддер Жер менен кагылышып, көк планетага суу же органикалык зат алып келген болушу да ыктымал. (TT)