Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Лукашенкого каршы жүрүшкө чыккан ондогон кишилер кармалды


Минск шаарынын Ржавец микрорайонундагы нааразылык жүрүш. 2020-жылдын 6-декабры.
Минск шаарынын Ржавец микрорайонундагы нааразылык жүрүш. 2020-жылдын 6-декабры.

6-декабрда Беларустун Минск, Брест, Гродно сыяктуу ар кыл шаарларында Александр Лукашенконун бийликтен кетүүсүн талап кылган нааразылык жүрүшүнө катышкан бир нече ондогон кишилерди Беларустун коопсуздук күчтөрү кармап кетишти. “Весна” укук коргоо уюмунун маалымдашынча, жекшембиде күндүзгү саат 4:00кө чейин эле 40тай киши коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалган.

Ушуну менен үчүнчү жекшембиде өлкөдөгү оппозициялык топтор жаңы тактика колдонуп, нааразылык жыйындарын өткөрдү. “Коңшулар жүрүшү” аталган бул жыйындар Минск жана башка шаарлардын улам башка жерлеринде уюштурулгандыктан, аларды бир учурда кармоо полиция үчүн кыйынга турууда.

9-августтагы президенттик шайлоо өзгөчө одоно бурмалоолор менен коштолгондуктан, алтынчы ирет президенттик мөөнөткө шайландым деп санаган Александр Лукашенконун жеңишин анын атаандашы Светлана Тихановская менен жалпы беларус оппозициясы четке какты. Алар Лукашенконун кызматтан кетишин, улам саны көбөйгөн саясий камактагыларды бошотууну, жаңы президенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

Батыш өлкөлөрү да шайлоо жыйынтыгын тааныбастыгын айтып, Лукашенко баштаган он чакты беларус төбөлүнө карата чектөө жарыялады. Лукашенко кызматтан кетүү талаптарын четке кагып, Баш мыйзам өзгөргөн соң гана бийликтен кете турганын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG