Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Кара-Балта: Мэр шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» фракциясынын талапкери утту


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 6-декабрда Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгын расмий бекитти.

БШКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Кара-Балта шаардык кеңешинде 30-ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгында Данияр Шакирбаев көп добуш алып, утуп чыккан.

Кара-Балта шаарынын мэри кызматына үч талапкер - Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) Бакыт Раманкулов, «Эл Аман» фракциясынан Таалайбек Сүйүмбаев жана «Мекеним Кыргызстан» фракциясынан Данияр Шакирбаев көрсөтүлгөн.

Шаардык кеңештеги 31 депутаттын 18и Шакирбаевге, 13ү Таалайбек Сүйүмбаевге добуш берген, Бакыт Раманкулов бир да добуш алган эмес.

БШКнын маалыматына караганда, Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоого байланыштуу эч ким даттанган жок. (NT)

XS
SM
MD
LG