Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:03

Талант Мамытов Орусияда Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушат


Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов 6-декабрда Москвага иш сапары менен барды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапардын жүрүшүндө Талант Мамытов Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Тараптар соода-экономикалык, гуманитардык жана Кыргызстан менен Орусиянын парламенттер аралык кызматташтыгын талкуулашат.

Мындан тышкары Мамытовдун КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушуулары белгиленген.

Анын Орусиядагы кыргызстандыктар менен да жолугушары күтүлүп жатат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам чыккан октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашып, президент Сооронбай Жээнбеков кызматын мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берген.

6-октябрга караган түнкү башаламандыкта тарапкерлери тарабынан түрмөдөн бошотулган экс-депутат Садыр Жапаров алгач өкмөт башчы болуп, андан кийин президенттин милдетин аткара башталган.

Ал 2021-жылдын 10-январына дайындалган президенттик шайлоого катышуу үчүн убактылуу кызматын тапшырып, өкмөт башчылыкты убактылуу токтоткон. Азыр президенттин милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов аткарууда.

Октябрь окуяларынан кийин Орусияга Кыргызстандан өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артём Новиков менен тышкы иштер министри Руслан Казакбаев барып келген. (NT)

XS
SM
MD
LG