Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Кытай Айдын орбитасында алгачкы жолу автоматтык жабдуу менен космостук кемени жалгаштырды


Кытайдын "Юту-2" айжүргүсү Айдын аркы бетинде. 2019-жылдын 11-январы.
Кытайдын "Юту-2" айжүргүсү Айдын аркы бетинде. 2019-жылдын 11-январы.

Кытайдын автоматтык башкарылган жабдуусу Айдын бетинин кыртышынан алынган үлгүнү алган соң, 6-декабрда Айдын орбитасында айланып жаткан кытайлык космос кемесине келип жалгашты. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөттүк маалымат каражаттары кабарлады.

Бул жалгашуу – Кытайдын космосту иликтөө тарыхында алгачкы жолу жүзөгө ашты. Айдагы кыртыштан алынган үлгүлөрдүн капсуласы 3-декабрда анын орбитасына жөнөтүлгөн болчу. Ал эми 2 килограмм таш кесеги менен чаңдан турган дагы бир капсула декабрдын ортосунда КЭРдин Ички Монголия автоном райнундагы чөлдүү Ордос жергесинде кондурулаары күтүлүп жатат.

АКШ менен Советтер Биримдиги 1960- жана 1970-жылдары Айга жиберген космостук кемелердин табылгаларынан дээрлик 40 жылдан кийин Кытай Айдан жаңы кыртыштык үлгүлөрдү алууда.

Буга чейин Кытай 2013- жана 2019-жылдары да Айга өз кемесин кондурган. Ал эми 2022-жылга карата КЭР космос бекетин куруп, андан кийин Айга өз тайконавттарын учурууга камынууда. (TT)

XS
SM
MD
LG