Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

Реконструкцияланган «Исфана» аэропортунун ачылышы болот


Аэропорттун реконструкциядан кийинки көрүнүшү. Учуп-конуу тилкесинин жалпы узундугу 1 735 метр, ал эми туурасы 35 метрди түзөт. Июль, 2020-жыл.
Аэропорттун реконструкциядан кийинки көрүнүшү. Учуп-конуу тилкесинин жалпы узундугу 1 735 метр, ал эми туурасы 35 метрди түзөт. Июль, 2020-жыл.

Баткен облусунун Лейлек районундагы «Исфана» аэропорту оңдоп-түзөөдөн кийин 7-декабрда расмий ачылып, ишке киришет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, аэропорттун ачылыш аземине премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков катышат.

Ички каттамдарга ылайыкташкан «Исфана» аэропортун реконструкциялоо иштери 2019-жылы башталып, быйыл июль айында аяктаган. Реконструкция иштери Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында башталганы айтылган.

«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, аба майданында жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттары бар, жалпы аянты 553 чарчы метр болгон жаңы аэробекет курулган. Анда каттоочу орундар, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн текшерүүчү аппараттар, жүк лентасы, эне-бала бөлмөсү бар. Долбоорду ишке ашырууга канча каражат сарпталганы айтылган эмес.

«Исфана» аэропорту СССР убагында, 1974-жылы пайдаланууга берилген. 1980-жылы техникалык маселелерге байланыштуу жабылып, иштебей калган. Аэропортто акыркы жолу капиталдык оңдоо иштери 2007-жылы жүргүзүлүп, күндүзгү ички каттамдар үчүн кайра иштей баштаган. (NT)

XS
SM
MD
LG