Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Ферганада Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарынын башчыларынын жыйыны өтөт


Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» көзөмөл-өткөрмө бекети. Ош облусу.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» көзөмөл-өткөрмө бекети. Ош облусу.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков 7-декабрда Баткен жана Ош облустарына эки күндүк иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.

Маалыматка караганда, сапардын жүрүшүндө Новиков 8-декабрда Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек чек арасындагы аймактардын жетекчилеринин жыйынына катышат. Жыйын Кыргызстандын өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Өзбекстандын акимдеринин деңгээлинде өтөрү күтүлүп жатат.

Новиков Ош жана Баткен облустарындагы өндүрүш объектилеринин иши менен таанышып, Исфана шаарындагы аэропорттун ачылыш аземине катышат жана Кадамжай шаарындагы оорукананын курулушун көрөт.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышып чыгары да айтылды.

Новиков 5-декабрда Нарын облусуна барып, кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» бекетинин ишин көрүп кайткан.

Ушу тушта Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз тактала элек чек ара тилкеси бар. Тараптар чек араларды тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгени менен чек ара тилкелери толук такталып бүтө элек. Такталбаган чек ара аймактарында эки өлкө жарандарынын араздашуусу маал-маалы менен катталып турат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 1170 чакырымы же 85% такталган. Дагы 10% боюнча макулдашууга жетишилгени кабарланган. (NT)

XS
SM
MD
LG