Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Румыния: Бийликтеги либералдар менен социалист каршылаштары шайлоодо куйрук улаш келишти


Румыниядагы парламенттик шайлоо боюнча экзит-пол маалыматы. 2020-жылдын 6-декабры.
Румыниядагы парламенттик шайлоо боюнча экзит-пол маалыматы. 2020-жылдын 6-декабры.

Румынияда 6-декабрда парламенттик шайлоо өттү. Алдын-ала сурамжылоого (экзит-пол усулуна) караганда, бийликтеги батышчыл уюм – Улуттук либералдык партия (УЛП, PNL) менен негизги атаандашы – мурдагы коммунисттердин мураскору болгон солчул уюм – Социал-демократиялык партия (СДП, PSD) куйрук улаш чыгышты. Маалыматка караганда, СДП партиясы 30,5%, ал эми УЛП болсо 29% добушка жетти. Оңчул-чордончул УСР-ПЛУС (USR-PLUS) ынтымагы 15,9% добуш алды. Башка да чакан партиялар парламентке кирмекчи.

Ортодокс христиан кечили добуш берүүдө. Румыния. 2020-жылдын 6-декабры.
Ортодокс христиан кечили добуш берүүдө. Румыния. 2020-жылдын 6-декабры.

Эгерде президент Клаус Йоханнис оңчул-чордончулдар менен тил табышууга жетишсе, анда УЛП партиясына УСР-ПЛУС ынтымагы жана башка айрым чакан партиялар кошулуп, Евробиримдикти жактаган коалициялык өкмөт курууга жетишүүсү ыктымал.

Евробиримдиктин мүчөсү болгон Румыниядагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы либералдар үчүн өзгөчө мааниге ээ. Алар реформачыл программаны жүзөгө ашырыш үчүн шериктери менен бирге парламентте көпчүлүк түзүшү абзел болчу.

Жекшембиде румын шайлоочулары 136 сенаторду жана 329 депутатты шайлашты. Добуш берүүгө шайлоочулардын 32% жакын гана бөлүгү катышкандыгы маалымдалды. Бул – 2016-жылдагы шайлоодогу көрсөткүчтөн алда канча аз. (TT)

XS
SM
MD
LG