Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Румыния: толкуган эл токтой элек


Бухарестте түндө чогулган демонстранттар Румыниянын үч түстүү желегинин түспөлүн чагылдырып турушту. 12-февраль, 2017-жыл.
Бухарестте түндө чогулган демонстранттар Румыниянын үч түстүү желегинин түспөлүн чагылдырып турушту. 12-февраль, 2017-жыл.

Румынияда антикоррупциялык толкундоо токтой элек. Ушул жекшемби күнү да борбор Бухаресттин көчөлөрүнө өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган он миңдеген адамдар чыкты. Коммунисттик бийлик кулатылгандан берки эң ири нааразылык акцияларга бийликтеги Социал-демократиялык партиянын коррупциялык иштердин айрымдарын кылмыш катары карабоо планы түрткү берди.

Евробиримдикке мүчө Румынияда массалык демонстрациялар бүгүнкүгө карата он үч күн катары менен өттү.

Демонстранттар Социал-демократиялык партия башкарган азыркы өкмөткө каршы чыгып жатышат.

Ушул жекшемби күнү борбор Бухарестте өкмөткө кысымды улантуу үчүн чогулган румыниялыктардын саны 70 миңге жетти. Өлкөнүн калган майда шаарларында да 30 миңдей адам жыйналды:

- Демонстранттар эмне деп жатышат билесизби? Алар уурулар, уурулар деп жатышат.

- Биздин бул жерде канча экенибиздин эч мааниси жок. Себеби үйүндө отургандар деле биздей ойдо, биздей сезимде. Биз өзгөрүүлөргө муктаж болуп турабыз. Ага чейин адамдар күн сайын келе берет деп ишенем.

- Румыниялыктардын чыдамы түгөнгөндө 1989-жылдагыдай окуялар болуп кетиши мүмкүн. Бирок, бул жолкусунда эч бир кыянатчылыксыз болот, - деп жатышты 12- февралда борбор Бухаресттен кабарчыларга сүйлөгөн демонстранттар.

Демонстранттардын Социал-демократиялык партиянын лидерлерине нааразылык билдирүү ыкмасы. Бухарест, 12-февраль, 2017-жыл.
Демонстранттардын Социал-демократиялык партиянын лидерлерине нааразылык билдирүү ыкмасы. Бухарест, 12-февраль, 2017-жыл.

Буга чейин 5-февралда бүткүл Румыния боюнча өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылып, көчөгө чыккандар саны 600 миңге жеткен эле жана азыркы толкундоо масштабы жагынан 1989-жылы коммунисттик лидер Николай Чаушескини бийликтен кулаткандан берки эң ири нааразылык акциясы катары бааланууда.

Румыниядагы бул жолку толкундоого Социал-демократиялык партия башкарган өкмөттүн коррупцияга карата мамилеси түрткү берген.

Башкача айтканда, өкмөттүн парламенттин кароосунан өтпөгөн, бирок Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүүнү караган токтому боюнча кокус бийлик өкүлү кызматынан кыянат пайдаланып, улуттук акча менен 200 миң лей же 47 500 доллардан аз зыян келтирген учурда, ал кылмыш деп саналмак эмес, мындай укук бузууга барган чиновник абакка отургузулмак эмес.

Мындан сырткары өкмөт коррупция боюнча айыпталып, бирок жаза мөөнөтү беш жылдан ашпагандарга мунапыс берүүнү да мерчемдеген.

Элдин сүрүнөн улам өкмөт бул токтомунан баш тартууга аргасыз болду. Аны даярдаган мекеменин башчысы катары юстиция министри кызматтан кетти.

Демонстранттар бул жарым-жартылай чегинүүгө канааттанбай турат, бирок премьер-министри Сорин Гриндяну баштаган өкмөт толук курамда кызматтан чегинбей турганын айтууда.

Президент Клаус Йоханнис болсо эл менен өкмөттүн тирешинде калкты колдоп чыкты:

Президент Клаус Йоханнис. 7-февраль, 2017-жыл.
Президент Клаус Йоханнис. 7-февраль, 2017-жыл.

- Румыниялыктардын дээрлик 80% өлкө туура эмес багытта кетип жатат деген ишенимде. 11-декабрдагы шайлоодо Социал-демократиялык партия ири жеңишке жетишкен. Бирок, ушундан кийин камикадзе тибиндеги стратегияны тандап, румын коомунун маанилүү бөлүгүнө өзүн каршы коюп алды. Демократия күн сайын корголушу керек. Биз деги кандай өлкө болушубуз керек. Бул суроонун реалдуу жообун алуу үчүн мен референдум өткөрөм, - деди президент Йоханнис өткөн аптада парламентте сүйлөгөн учурунда.

Ал азыркы өкмөт кызматта калышын кааларын, бирок кризис жөнгөрүлбөсө эрте шайлоо жарыялашы мүмкүндүгүн да ишара кылды.

464 орундуу парламентте өткөн аптада өкмөткө ишеним көргөзбөө маселеси да добушка салынып, бирок колдоо тапкан жок.

Тамыры мурдагы Компартияга барып такалган румын социал-демократтары бийликтен 2015-жылдын соңунда, Бухаресттеги түнкү клубдагы өрттөн 64 адамдын өмүрү кыйылгандан кийинки нааразылыктардан улам кеткен эле.

Анда да калк бул окуянын түпкү себебин коррупциядан көрүшкөн.

Демонстрациялар күндүн сууктугуна карабай токтогон жок. Бухарест, 7-февраль, 2017-жыл.
Демонстрациялар күндүн сууктугуна карабай токтогон жок. Бухарест, 7-февраль, 2017-жыл.

Бирок аталган партия былтыр декабрдагы шайлоодо айлык акыларды жана пенсияларды көбөйтүү убадасы менен бийликке келген жана бир ай мурда жаңы өкмөттү кураган болчу. Алардын элди көчөгө чыгарган талаштуу токтомунан, ушул партиянын лидери, парламенттин төмөнкү палатасынын төрагасы Ливиу Драгнеага да пайдасы тиймек.

Драгнеа мурда кызматынан кыянат пайдаланды деп соттолгон, анын үстүнөн пара алды деген шек менен дагы бир сот иши жүрүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG