Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:05

Румыния: демонстранттар талабын өзгөрттү


Нааразылык акциясына чыккандар. Бухарест. 5-февраль, 2017-жыл
Нааразылык акциясына чыккандар. Бухарест. 5-февраль, 2017-жыл

Румын өкмөтү нааразылык акциясына чыккан жарым миллиондон ашуун элдин талабы менен коррупцияга байланыштуу чечимин артка кайтарды. Бирок эл эми өкмөттүн отставкасын талап кылууда. Гриндяну кызматынан кетпесин айтууда.

Румыния борбору Бухаресттин өзүндө эле 250 миң, калган шаарлардагы нааразыларды кошкондо 500 миңден ашуун эл көчөдөн кетпей кылкылдап турат. Алар адегенде өкмөт 31-январда чагылгандай тез кабыл алган токтомуна каршы чыгышкан.

Ал документте "эгер бийлик өкүлү кызматынан кыянат пайдаланып, мамлекетке келтирген зыяны 200 миң лей же 47,5 миң доллардан ашпаса, анда ал коррупция деп эсептелбейт, кылмыш жообуна тартылбайт" деп айтылат.

Муну өкмөт түрмөлөрдө орун калбай калганы менен түшүндүргөн. Бирок элдин сүрүнөн тайсалдап, жекшембиде аны кайра жокко чыгарды. Премьер-министр Сорин Гриндяну бул чечим өлкөнү экиге бөлгөнүн айтты.

Бирок демонстранттар өкмөт эми ал токтомду башкача жазып, парламентте көпчүлүктү түзгөн депутаттары аркылуу оңой эле өткөрүп алат деп шектенүүдө.

"Өкмөт чечимди жокко чыгарабыз дегени менен, мен аларга ишенбей калдым. Алар бул чечимди парламенттин кароосуна коёбуз дешет. Ал жактагы 100 депутатка каршы коррупция боюнча иликтөө жүрүп жатат. Кызыкчылыктардын кагылышы болот. Алар өздөрүнө түздөн-түз таасир эте турган мыйзамды талкуулабашы керек", - дейт демонстранттардын бири.

Ошон үчүн иштегенине бир ай да боло электигине карабастан, бул өкмөт биротоло кетсин деген талапты коюуда. Буга премьерди чыгарган Социал-демократтар партиясынын лидери Ливиу Драгнеанын "Сорин Гриндяну жана азыркы өкмөттү толук колдойм", - дегени да негиз берүүдө.

Драгнеанын колдогону бекер эмес. Ал өзү да мамлекетке бир нече миң доллар зыян келтирген деп айыпталып келет.

Ошентсе да парламенттеги оппозициялык Улуттук либералдык жана Румынияны сактоо союзу партиялары шаршембиде өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин караганы жатат.

Толкундаган элди өлкө президенти Клаус Йоханнис да колдоп жатат. Мурдараак Евробиримдиктин аткаруучу органы Еврокомиссия да өкмөттүн чечимине тынчсыздануусун билдирип, мындай кадам акыркы он жылдагы коррупцияга каршы күрөштөгү регресс деп кабыл алды.

Эл аралык Transparency International уюму быйыл Румынияны коррупция деңгээли боюнча 176 өлкө ичинен 57-орунга койгон. Деген менен алар Евробиримдиктеги эң жакыр жана коррупциялашкан өлкөлөрдүн бири катары саналат.

Талдоочулар бул жыйынтыгы президент Чаушескунун кызматынан оодарылып, атылышы менен бүткөн 1989-жылкы толкундоолордон берки алгачкы ири демонстрация экенин айтышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG