Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:02

Евробиримдиктин мүчөсү Румынияда бул аптада антикоррупциялык чаралардын жумшартылуусуна каршы массалык демонстрациялар өтүп жатты. Азыркы көчө жүрүштөрү өлкөдө коммунисттик бийлик кулатылгандан берки эң ири нааразылык акциясы катары мүнөздөлүүдө.

Борбор Бухарестте жана өлкөнүн башка шаарларында бул аптада демонстрацияга чыккан миңдеген адамдар ураан-чакырыктарында “уурулар”, “чыккынчылар” деген сөздөрдү колдонуп жатышты.

Расмий эсепте, маселен, 2-февралдын кечинде демонстрацияга чыккандар саны өлкө боюнча 250 миңге чейин жетти. Алардын 100 миңдейи борбор Бухарестте жыйналса, калган 150 миңдей өлкөнүн башка элүүдөн ашуун шаарында көчөгө чыгышты. Борбордо полиция менен демонстранттардын кагылышуулары да орун алды.

"Мен бул жерге алар уурданып өткөрүп алган эки мыйзамга каршылык билдирүү үчүн келдим. Чечимдер элдин эркине каршы кабыл алынган".

"Биз өлкөбүздү Румынияда мыйзам үстөмдүгүн жокко чыгарууга аракеттенген кылмышкерлерден коргоо үчүн, алардын түшүнүксүз кызыкчылыктары эмес, биздин укуктар менен кызыкчылыктарды коргоо үчүн келдик", - дешти демонстранттардын айрымдары.

Румыниядагы бул жолку толкундоого Социал-демократиялык партия башкарган өкмөттүн коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөш маселесине карата мамилеси түрткү берди.

Адегенде румыниялыктар өкмөттүн “түрмөлөр толуп кетти” деген жүйө менен миңдеген кылмышкерлерге кечирим берүү планына каршылык билдирип чыкса, кийин бийлик өкүлдөрүнүн айрым туура эмес иштерин, пара алууга байланышкан кээ бир жагдайларды кылмыш катары санабоону караган чечими нааразылыкты күчөттү.

Өкмөттүн парламенттин кароосунан өтпөгөн, бирок мыйзамдык күчү бар эки документтин же токтом жоболоруна ылайык, кокус бийлик өкүлү кызматынан кыянат пайдаланып, улуттук акча менен 200 миң лей же 47 500 доллардан аз зыян келтирген учурда, ал кылмыш деп саналбайт. Мындай укук бузууга барган чиновник абакка отургузулбайт.

Демонстранттар полиция менен кагылышкан учур. Бухарест, 1-февраль, 2017-жыл.
Демонстранттар полиция менен кагылышкан учур. Бухарест, 1-февраль, 2017-жыл.

Өкмөттүн бул чечиминин сынчылары ал бийликтегилердин өнөктөштөрүнө, коррупция боюнча айыпталып жаткан чиновниктерге жардам берип аларды тазалайт, башкаларды кызмат абалынан кыянат пайдаланып, акча уурдоого шыктандырат деп санашууда.

Атүгүл өкмөт чечиминин Социал-демократтардын де-факто лидери, буга чейин эки жылга шарттуу эркинен ажыратылганынан улам премьер-министрликке келе албаган, кызматынан кыянат пайдаланган деген айып боюнча башка сот иши бар Ливиу Драгнеага да тиешеси бардыгы айтылууда.

Айрым баяндамачылар Румыния кайрадан саясий кризиске кептелгенине көңүл буруп жатышат.

Өлкө президенти Клаус Йоханнис толкундоолордо элди колдоп чыкты:

- Мен абдан тынчсызданып турам. Мен үчүн оор болсо да, моюнга алышым керек, Румыниядагы кырдаал абдан татаал болуп турат. Жүз миңдеген мекендештерим көчөлөргө чыгышты. Мен аларга, өзүмдүн адамдарыма, Румынияга ишенем. Биз туура чечимдерге барышыбыз зарыл. Алдыга мыйзам үстөмдүгү, европалык баалуулуктар чыгышы керек. Мен акыр аягында ушул нерсе болот деп ишенем, - деди президент Йоханнис 3-февралда.

Ал өкмөттүн талаштуу документтери боюнча Конституциялык сотко дагы кайрылды. Анткен менен социал-демократтардын лидери, парламенттин төмөнкү палатасынын төрагасы Ливиу Драгнеа, алар койгон премьер-министр Сорин Гриндяну президентти демонстранттардын «моралдык колдоочусу» катары күнөөлөштү.

Румын Социал-демократтары бийликтен 2015-жылдын соңунда, Бухаресттеги түнкү клубдагы өрттөн 64 адамдын өмүрү кыйылгандан кийинки нааразылыктардан улам кеткен эле. Анда да калк бул окуянын түпкү себебин коррупциядан жана бийликтегилердин жазасыз калуусунан көрүшкөн.

Бухаресттеги түнкү демонстрациянын көрүнүшү. 29-январь, 2017-жыл.
Бухаресттеги түнкү демонстрациянын көрүнүшү. 29-январь, 2017-жыл.

Бирок аталган партия былтыр декабрдагы шайлоодо айлык акыларды жана пенсияларды көбөйтүү убадасы менен бийликке келген жана бир ай мурда жаңы өкмөттү кураган болчу.

Румыниянын тышкы өнөктөштөрүнөн, “Ассошейтед пресс” агенттигинин жазганына караганда, АКШ, Германия, Канада, Финляндия, Франция, Нидерланд өз билдирүүсүндө румын өкмөтү “мыйзам үстөмдүгүн орнотуу жана коррупцияга каршы күрөш боюна акыркы он жылдагы жылыштарга шек келтирип” жатканын эскертти.

Кырдаалга Евробиримдиктин аткаруучу органы - Еврокомиссия да тынчсыздануу билдирди:

- Коррупцияга каршы күрөшкө тиешелүү мыйзам долбоору (Румыниянын) биз акыркы он жылда күбө болгон прогресстен чегинүү дегенден башкача чечмелене албайт. Еврокомиссиянын бул мыйзамда тикелей кызыкчылыгы бар. Эгер кабыл алынса бул Европа корунун каражаттарынын Румынияда сарпталышына да сөзсүз таасир берет. Румын эли коррупциядан арылууга татыктуу, - деди 2-февралда Европарламентте сүйлөгөн учурунда Еврокомиссиянын вице-президенти Франс Тиммерманс.

20 миллион калктуу Румыния Евробиримдикке 2007-жылы кошулганы менен шаркеттин эң жакыр өлкөлөрүнүн бири бойдон калууда.

Эл аралык Transparency International уюму өткөн аптадагы жылдык баяндамасында Румынияны мамлекеттик сектордогу коррупция деңгээли жагынан 176 өлкө ичинен 57-орунга койгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG