Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 02:45

ИИМ: Орусиянын эл аралык издөөдө жүргөн жараны кармалды


Шектүү адам.

Ушул жылдын 4-декабрында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Интерпол улуттук борбордук бюросунун жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери төрт жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жаранын кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

41 жаштагы М.Вга Орусиянын Жазык кодексинин «Баңгизаттарды сатуу жана сактоо» беренеси менен айып коюлуп, 2016-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Кармалган адам (М.В.) Нарын шаарынын тергөө абагына киргизилди. Эл аралык издөөдө жүргөн шектүүнү Орусияга экстрадициялоо боюнча
маселелер чечилип жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG