Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

ИИМ: Чүйдө мал уурулук боюнча шектүү топ кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 1-декабрда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айылдарынын биринен 48 баш кой уурдалганы тууралуу арыз түшкөн.

Бул факт Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Уурулук» беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери «Коопсуз шаар» долбоорунун коопсуздук камераларын колдонуп, уурдалган мал ташылган автоунааны аныктап, андан кийин шектүүлөрдү кармаган.

24 жаштагы М.Р., 18 жаштагы Ч.А. жана М.З. тергөө кызматына жеткирилген.

Сотко чейинки териштирүүнүн жүрүшүндө уурдалган малды сатып алган адам аныкталды. Ал тергөө учурунда өз ыктыяры менен жабырлануучуга (Б.К.) 15 койду кайтарып берген.

Шектүү эки адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Мындан тышкары, жогоруда адамдардын ушул сыяктуу жетиге жакын мал
уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги белгилүү болду. (BTo)

XS
SM
MD
LG