Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Тажикстан Сирияга кеткен жарандарын алып келүүгө аракет кылып жатат


Сирияда лагерлердеги тажик аялдары менен балдар - болжол менен «Ислам мамлекети» террордук уюмунун согушкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү.
Сирияда лагерлердеги тажик аялдары менен балдар - болжол менен «Ислам мамлекети» террордук уюмунун согушкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү.

Тажикстандын Кувейттеги элчиси Сириянын жана Эл аралык кызыл чырым комитетинин өкүлдөрү менен «Аль-Хол» лагерлеринде кармалып жаткан мекендештерин кайтаруу маселесин талкуулады.

Тажик тышкы саясий мекемесинин басма сөз кызматы маалымдагандай, ага чейин Дамаскиге иш сапары менен барып кеткен элчи Зубайдулло Зубайдзода Тажикстандын жарандары жакын арада алынып келет деп үмүттөнөрүн билдирди.

«Аль-Хол» жана дагы бир лагерде 500дөн ашуун тажик аялдары менен балдар бар. Алар – болжол менен «Ислам мамлекети» террордук уюмунун согушкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү.

2017-2018-жылдары уюм чегине баштаганда, ал аялдар менен балдарды күрддөрдүн кошуундары сириялык бир нече шаардагы лагерлерге жайгаштырган.

Расмий Дүйшөмбү өз жарандарын кайтаруу боюнча пландарын буга чейин билдирип келген, бирок пандемиядан улам кийинкиге жылган.

Буга чейин Кыргызстандын атайын кызматы Сириядагы лагерлерде 500дөй кыргызстандык кармалып турганын маалымдаган. Былтыр кыргыз өкмөтү Сириядагы балдарды алып келүүгө аракет кыла баштаган, бирок майнап чыккан эмес.

XS
SM
MD
LG