Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:58

Британ ханзаадасы Уильям жана анын жубайы өлкөнү поезд менен кыдырышат


Ханзаада Уильям жана жубайы Кэтрин Мидлтон.
Ханзаада Уильям жана жубайы Кэтрин Мидлтон.

Британиянын ханзаадасы Уильям менен анын жубайы, герцогиня Кэтрин өлкөнү темир жол менен кыдырып чыгыш үчүн жекшембиде кечинде жолго чыгышты. Алар пандемия маалындагы мээнет-түйшүгү үчүн ыраазычылык билдирүү максатында дарыгерлер, мугалимдер жана башка маанилүү тармакта иштегендер менен жолугушмакчы.

Кеңсиңтон сарайы «герцог менен герцогиня бул оор жылда өлкө боюнча талыкпай иштегендерге көңүл бурдуруу мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтүп жатышат» деп билдирүү таратты. Британ монархы колдонуп келген падышалык поездге быйыл 180 жыл болду. Ага биринчи жолу каныша Елизавета IIнин чоң энеси Виктория түшкөн. Ал 1842-жылы 13-июнда Слау шаарынан Паддингтонго чейин келген.

Уильям менен Кейт Англияда, Шотландияда жана Уэлсте баш-аягы эки миңден ашык чакырым жол жүрүшмөкчү.

Британия - коронавирустан көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири. Ал жакта өпкөсү сезгенип ооругандардын жалпы саны 1,72 миллион адамдан ашып, 61 миңден көп бейтап көз жумду.

Лондон алгачкылардан болуп «BioNTech» менен «Pfizer» фармацевтикалык компанияларынын коронавируска каршы вакцинасын колдонууга уруксат берген. Бул өлкө жапырт эмдөөнү ушул аптадан тартып баштаганы жатат.

XS
SM
MD
LG