Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Улуттук банк 10,3 млн. доллар сатты


Улуттук банк. Иллюстрациялык сүрөт.
Улуттук банк. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 7-декабрда финансылык рынокко 10 миллион 300 миң долларды сатыкка чыгарды.

Ушуну менен декабрь айындагы экинчи интервенция болуп калды. 1-декабрда 5 миллион 250 миң доллар сатылган.

Валюталык олку-солкулукка байланыштуу башкы каржы көзөмөл мекемеси ноябрь айында 11 жолу, жыл башынан бери 20дан ашык интервенция жасады. 2020-жылы жалпы сатылган сумма жарым миллиард долларга жакындады.

Бүгүн, 8-декабрга карата доллардын расмий курсун Улуттук банк 84,79 сом деп аныктады, акча алмаштыруучу жайларда орточо сатуу курсу 84,90 сом болууда.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган. Орус валютасы рубль 1,14 сом болууда.

Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу 15-16 сомго көтөрүлүп, азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттап кетти. (ErN)

XS
SM
MD
LG