Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 19:25

Талант Мамытов Евразия экономикалык комиссиясында ЕАЭБдин ичиндеги тоскоолдуктар маселесин көтөрдү


Талант Мамытов менен Михаил Мясниковичтин жолугушуусу. Москва, Орусия.

Орусиядагы иш сапарынын алкагында Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту.

ЕЭКтин Москвадагы кеңсесинде өткөн жолугушууга бул комиссиянын мүчөлөрү жана кыргыз парламентинин депутаттары да катышты.

Тараптар жакын арада өтчү Жогорку Евразия экономикалык кеңештин отурумунун күн тартибин жана евразиялык интеграция маселелерин талкуулашты. Бул кеңешке Евразия Экономикалык Биримдигинин курамындагы өлкөлөрдүн президенттери кирет.

Талант Мамытов кездешүүдө уюмдун ичиндеги соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу маселесин козгоду.

Мамытов баштаган кыргыз парламентинин өкүлдөрү Бактыбек Турусбеков, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Салайдин Айдаров, Гүлшат Асылбаева жана Өмүрбек Бакиров Москвага 6-декабрда үч күндүк сапар менен барышты. Бир күн мурун кыргызстандык делегация Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушкан.

Бул сапар - Кыргызстандын жетекчилигинин октябрда бийлик алмашкандан берки эң жогорку деңгээлдеги биринчи чет элдик расмий сапары. (ErN)

XS
SM
MD
LG