Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Талант Мамытов Орусиядан аба жана темир жол каттамдарын көбөйтүүнү суранды


Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов 7-декабрда Москвада Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушууда эки өлкө ортосундагы аба жана темир жол каттамдарын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Мамытов учурда аткарылып жаткан үзгүлтүксүз жана чартердик аба каттамдары жарандардын муктаждыгын толук канаттандырбай жатканын белгиледи.

«Эки өлкө ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарын көбөйтүү же чартердик каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн санына киргизилген чектөөнү алып салуу зарылчылыгы чыгууда. Кыргызстандын авиакомпаниялары эки өлкө ортосунда коммерциялык эмес багытта каттам жүргүзүүгө мажбур болгондуктан, авиабилеттердин баасына терс таасир тийгизип жатат», - деди Мамытов.

Анын Вячеслав Володин менен жолугушуусунда парламент аралык кызматташтыкка жана эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларга байланышкан маселелер көтөрүлдү.

Мамытов парламенттер ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде экенин белгилеп, кыргыз тарап байланышты мындан ары да арттырууга кызыкчылыгы бар экендигин айтты.

Мамдуманын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча Вячеслав Володин бул жолугушууда миграцияга жана чек арага байланыштуу маселелерди КМШ мамлекеттеринин ишин караган комитетке тапшырган. Кыргызстанда орус тили расмий макамга ээ болгондуктан гана кыргыз мигранттарына Орусияда жумуш табуу жеңил болуп жатканын белгилеп, интеграцияда да туура багыт алуунун зарылдыгы боюнча кеп козгогон.

Талант Мамытовдун сапарында Москвада кыргызстандыктар Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы акция өткөрүштү.

Мамытов баштаган кыргыз парламентинин өкүлдөрү Бактыбек Турусбеков, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Салайдин Айдаров, Гүлшат Асылбаева жана Өмүрбек Бакиров Москвага 6-декабрда үч күндүк сапар менен барышты.

Бул сапар - Кыргызстандын жетекчилигинин октябрда бийлик алмашкандан берки эң жогорку деңгээлдеги биринчи чет элдик расмий сапары. (NT)

XS
SM
MD
LG