Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

Ирандын Йемендеги элчиси АКШнын «кара тизмесине» кирди


Йеменде акыркы беш жылдан бери хуситтер менен жарандык согуш уланып келет.
Йеменде акыркы беш жылдан бери хуситтер менен жарандык согуш уланып келет.

Кошмо Штаттардын бийликтен кетип жаткан президенти Дональд Трамптын администрациясы 8-декабрда Ирандын Йемендеги элчиси Хасан Ирлуну «кара тизмеге» киргизди. АКШнын Финансы министрлигинин санкциялары Ирандын Кум шаарындагы Аль-Мустафа эл аралык университетине да тиешелүү.

Министрликтин билдирүүсүндө мындай чечим Йемендеги окуяларга байланыштуу кабыл алынганы айтылат.

АКШ элчи Хасан Ирлу жакында Йеменге хусит козголоңчуларына Иран бийлигинин элчиси катары жиберилген деп эсептейт.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө Иран Йемендеги хусит-козголоңчуларына расмий өкүлүн жиберип, аларды тааныган жападан-жалгыз өлкө экени айтылат.

Вашингтон Иран Йемендин өкмөтүнө каршы күрөшүп жаткан хусит козголоңчуларын мыйзамсыз жол менен куралдандырып жатканын билдирип келет. Тегеран мындай айыптарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG