Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Кыргыз-өзбек чек аралаш аймак жетекчилеринин үчүнчү жыйыны жыйынтыкталды


Өзбекстандын жана Кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан аймактарынын жетекчилеринин үчүнчү жыйыны. 8-декабрь, 2020-жыл. Фергана шаары, Өзбекстан.
Өзбекстандын жана Кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан аймактарынын жетекчилеринин үчүнчү жыйыны. 8-декабрь, 2020-жыл. Фергана шаары, Өзбекстан.

Коңшу өлкөнүн Фергана шаарында Өзбекстандын жана Кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан аймактарынын жетекчилеринин үчүнчү жыйыны жыйынтыкталды. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн сайтында кабарланды.

Кеңешмеде чек арага байланыштуу келип чыккан маселелер жана соода-экономикалык алака-катыш темалары талкууланды. Жыйынтыгында атайын протоколго кол коюлду.

Жыйынга жогорку бийлик өкүлдөрүнөн Кыргызстандан премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков, Өзбекстандан премьер-министринин орун басары - инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков катышты.

Новиков анда коронавирус илдетине каршы күрөштө көрсөткөн жардамы үчүн Өзбекстандын бийлигине ыраазычылык билдирип, экономикалык өз ара аракеттерди күчөтүү боюнча кеп козгоду. Ал ошондой эле коңшу өлкөнүн расмий өкүлдөрүнө биргелешкен өндүрүмдү үчүнчү мамлекеттерге экспортош үчүн өндүрүштүк кооперация долбоорлорун ишке ашыруу маселесин карап чыгууну сунуш кылды.

Кеңешмеге кыргыз тараптан Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев, өкмөттүн Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарындагы өкүлдөрү Абсаттар Сыргабаев, Жаныбек Жалалов жана Жарасул Абдураимов да барды. Мындан сырткары жыйынга тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев жана экономика министринин орун басары Султан Ахматов да катышты.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Баткен жана Ош облустарына эки күндүк иш сапары менен 7-декабрда барган. Андан ары Өзбекстанга ушул жыйынга катышуу үчүн жөнөп кеткен.

Бул сапардын алкагында Артем Новиков Сардор Умурзаков менен чакан курамда да жолугушуу өткөрүп, тараптар кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча жол картасына кол коюу жөнүндө макулдашууга жетишкенин кыргыз өкмөтү 9-декабрда кабарлаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG