Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө

<p>Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатат. 9-декабрда мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган.</p> <p>Парламенттин 9-декабрдагы жыйынында долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Альфия Самигулина жана Евгения Строкова &laquo;каршы&raquo; добуш берген. Жыйынга катышкан башка депутаттар документти колдоп берген.</p>
11:56 10.12.2020

11:46 10.12.2020

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев вице-спикер Мирлан Бакировго кайрылып, мыйзам бузуу менен чыгарылган мыйзам долбоорун добушка койгону үчүн төрага жооп берерин эскертти.

«Депутаттар добуш бергенине жооп бербейт деп биз «ура, ура» деп баарына добуш бере беребиз. Депутаттар, сиздер жооп бербейсиздер. Бирок жооп бере турган киши – төрага. Ал Кыргызстанда кызматы эң жогорку адам. Анын милдети Конституцияны, регламентти так сактоо».

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Текебаевдин сөзүнө караганда, комитеттер, фракциялар макул болсо кээ бир мыйзамдар дароо үч окууда кабыл алынат. Алар: эгерде мыйзам Конституцияга каршы келип ал Баш мыйзамга туураланса, жаңы кабыл алынган мыйзам эски мыйзамга каршы келип калса, мыйзамдын техникалык каталарын оңдогондо, мыйзамдын орусча, кыргызча тексттеринде ката кетсе, андан тышкары насыядан башка бардык эл аралык келишимдерди үч окууда кабыл алса болот.

Ал эми референдумду дайындоо тууралуу мыйзамды дароо үч окууда кабыл алууга мыйзам жол бербейт.

«Регламенттин 55-беренесинин талаптарына ылайык, «ар бир окуунун ортосу 10 күндөн кем эмес болуш керек. Столдун үстүнөн экинчи окууга даяр болгон материалды, комитеттин чечимин да көргөн жокмун», - деп кошумчалады ал.

Вице-спикер Мирлан Бакиров тиешелүү комитеттин отуруму 9-декабрда болгону жөнүндө маалыматы бардыгын, комитет төрагасы ал тууралуу кенен айтып берерин дагы бир жолу кайталады.

11:40 10.12.2020

Депутат Дастан Бекешев: “Референдум тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга өткөн жумада коюлду. Ал эми ушул жумада каттоодон өтүп, комитетке жиберилди. Бул мыйзам долбоору келечекте жокко чыгарылышы мүмкүн. Нааразычылыктарды жаратат. Мыйзамдуулукту сактабайлыбы, жарандарга кандай үлгү көрсөтүп жатабыз?

11:38 10.12.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG