Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө

<p>Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатат. 9-декабрда мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган.</p> <p>Парламенттин 9-декабрдагы жыйынында долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Альфия Самигулина жана Евгения Строкова &laquo;каршы&raquo; добуш берген. Жыйынга катышкан башка депутаттар документти колдоп берген.</p>
10:40 10.12.2020

Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун 8-декабрда биринчи окууда кабыл алды. Жыйынды алып барып жаткан вице-спикер Мирлан Бакиров 62 депутат каттоодон өткөнүн билдирген. Алардын ичинен долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко «каршы» добуш берди.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоорун кабыл алуунун өзү мыйзамсыз деп билдирди. Анын айтымында, «Референдум жөнүндө» мыйзам долбоору тиешелүү жол-жоболордон өтүп, коомдук талкууга коюлгандан кийин гана парламентке келип түшүүгө тийиш.

Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров иштеп чыккан. Ал долбоорду тиешелүү комитеттин корутундусунан кийин сессияга сунуш кылганын маалымдаган.

4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан улам өлкөдө бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешменин жетекчилиги бүтүмүн 15-20 күндө чыгарып берерин айткан. Бирок кийин өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген жана алдыдагы президенттик шайлоого катышканы жаткан Садыр Жапаров шашуунун зарылчылыгы жок экенин айтып, референдумга башкаруу системасын аныктоо тууралуу суроону гана чыгарса туура болорун билдирген.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат. Ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда. Референдумга каршы активисттер жума сайын нааразылык акциясын уюштуруп жатышат.

Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум өткөрүлөт.

10:41 10.12.2020

10:41 10.12.2020


Бишкек шаарындагы жарандык активисттер жана укук коргоочулар Жогорку Кеңештин кире беришинде парламент депутаттарына «Наалат жолун» уюштурушту. Алар имаратка кирип жаткан депутаттарга «Наалат!» деп кыйкырып турушат.

Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Өндүрүш Токтонасыров жана башка жарандык активисттер VI чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү бүткөнүн айтып, ал референдум тууралуу мыйзам долбоорун кароого жана кабыл алууга укуксуз экенин айтышууда.

Жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү жөнүндө референдум өткөрүүгө каршылыгын билдирип, жекшемби сайын пикет, митинг, жүрүш уюштуруп келатышат. Алар өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.

10:44 10.12.2020

Депутат Дастан Бекешев: Мыйзамды жок дегенде бир жума коё турса болмок да. Ал күн тартибине мыйзамсыз киргизилген. Сунуштарды берсек караган жок. Комитет чогулган жок. Мыйзамдын бары эле сурамжылоо менен өтө береби? Анда элден сурабай эле мыйзамдын баарын жабык режимде кабыл албайлыбы. Ансыз деле "беспредел" болуп атпайбы. Биз түшүнүк менен жашап калдык.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG