Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

БШК 18 кишини президенттикке талапкер кылып каттады


Кыргызстандын желегин көтөргөн жаран. Иллюстративдик сүрөт.
Кыргызстандын желегин көтөргөн жаран. Иллюстративдик сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 12-декабрдагы жыйынында 18 адамды президенттик шайлоого талапкер кылып каттады. Расмий маалыматка ылайык, төмөнкү жарандар Кыргызстандын мамлекет башчылыгына ат салышат:

  1. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич;
  2. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич;
  3. Исаев Канатбек Кедейканович;
  4. Тагаев Рашид Бакирович;
  5. Байгуттиев Женишбек Сейтбекович;
  6. Сооронкулова Клара Сыргакбековна;
  7. Касенов Аймен Абдыталипович;
  8. Арстанбек Мыктыбек;
  9. Калмаматов Бактыбек Орозалиевич;
  10. Ташов Имамидин Асамидинович;
  11. Асанов Курсан Сатарович;
  12. Иманалиев Каныбек Капашович;
  13. Жээнбеков Равшан Бабырбекович;
  14. Абакиров Элдар Курманбекович;
  15. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;
  16. Төлбаев Бабыржан Латиханович;
  17. Сегизбаев Абдил Кеңешевич;
  18. Жапаров Садыр Нургожоевич.

Аларга талапкерлигин тастыктаган күбөлүктөр берилди. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Ага чейин бир айлык үгүт иштери жүрөт.

Кыргызстанда октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин нааразылык акциялары башталып, башаламандык менен коштолгон. Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип, Садыр Жапаров өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеди.

Жапаров мамлекет башчылыкка талапкер болууга аттангандан соң президенттин милдетин аткаруу парламент спикери Талант Мамытовго жүктөлгөн.

"Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, төмөнкү талапты аткаргандар талапкер болуп катталат:

-Талапкер болууга арыз;

-Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат;

-1 миллион сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн тастыктаган документ;

-30 миңден кем эмес колдоочунун кол тамгасы;

-талапкердин таржымалы тууралуу маалымдама.

XS
SM
MD
LG