Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

БШК эл аралык уюмдардан 23 байкоочуну каттады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК)12-декабрдагы отурумунда 10-январга дайындалган мөөнөтүнөн мурда болуучу президенттик шайлоого ЕККУнун 21, Орусия Боршайкомунун бир, "Аденауэр" фондунун бир өкүлүн эл аралык байкоочу катары каттады. БШКнын маалыматына караганда, 12-декабрга карата 19 өлкөдөн жана тогуз эл аралык уюмдан жалпы 78 байкоочу катталды.

Боршайком президенттикке талапкер болуш үчүн БШКга арыз жазган 18 жарандын топтогон колун жарактуу деп тапкан.

БШКга баш-аягы 21 жаран кол тамгаларды өткөргөн. Анын ичинен 20 кишинин алды 60 миңге жакын, арты 30 миңден ашык кишинин кол тамгасын топтоду жана 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төктү. Бирөө жетиштүү өлчөмдө кол чогулта алган эмес.

14-декабрга чейин БШК президенттикке талапкерлерге расмий күбөлүк берет. 15-декабрдан 9-январга чейин үгүт өнөктүгү жүрөт.

10-январда Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Ошондой эле президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон мыйзамга ылайык, 10-январда шайлоо менен чогуу референдум болот. Анда кыргызстандык жарандар мамлекеттик башкаруу формасын да тандашат.

Анда жарандардын тандоосуна башкаруунун:

— президенттик;

— парламенттик;

— бардык варианттарга каршы түрлөрү коюлат.

Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун шашылыш түрдө, 10-декабрда экинчи жана үчүнчү окуудан кабыл алган.

Долбоор парламенттин кароосуна 9-декабрда коюлуп, ошол эле күнү биринчи окуудан өткөн.

Парламенттеги айрым депутаттар аталган мыйзам долбоору "Референдум тууралуу" конституциялык мыйзамдарды бузуу менен, талап кылынган жол-жоболордон өткөрүлбөй туруп, бир кишинин кызыкчылыгы үчүн шашылыш жазылып, чукул кабыл алынды деп сындашкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG