Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Эл аралык уюмдар өзбек бийлигин кумсаларга карата куугунтукту токтотууга үндөштү


Өзбекстанда кумсалыкты куугунтуктоону токтотуу талабы жазылган плакат. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзбекстанда кумсалыкты куугунтуктоону токтотуу талабы жазылган плакат. Иллюстрациялык сүрөт.

Бир катар эл аралык уюмдар Өзбекстанда кумсаларды куугунтуктоону жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууну токтотууга бийликти чакырышты. Азыркы мыйзамдар боюнча кумсалык кылгандар үч жылга чейин эркинен ажыратылат.


Мындай мазмундагы петицияны Amnesty International, Freedom House, "Борбор Азиядагы адам укугу" ассоциациясы жана башка уюмдар демилгелешти. Анда быйыл январда жана майда БУУнун кыйноолорго каршы комитети жана адам укугу комитети өзбек бийлигине кумсалык үчүн кылмыш жоопкерчилигин алып салуу сунушу берилгени жазылган.

Маалыматта айтылгандай, учурда Өзбекстанда Кылмыш кодексинин жаңы долбоору иштелип чыгууда. Бул бийликке өлкөдө адам укуктарынын абалын жакшыртууга жакшы мүмкүнчүлүк", - деп жазылган билдирүүдө.

Өзбекстандын бийлиги кумсалык салттуу баалуулуктарга, диний ишенимге туура келбесин белгилеп, коомчулук кумсалыкты кылмыш жоопкерчилигинен куткарууга даяр эместигин жүйө кылып келет.

XS
SM
MD
LG