Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Украинада кумса аскерлер бириге баштады


Виктор Пилипенко.
Виктор Пилипенко.

Жакында эле Жогорку Раданын айрым депутаттары салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо максатында деген жүйө менен коомдук бирикме түзүшкөн.

Украин коомчулугунда сексуалдык азчылыктар жана алардын укуктарына байланыштуу маселе кызуу талаш-талкуу менен коштолот.

Виктор Пилипенко - өзүнүн кумса экенин ачык айтып чыккан, согуш болгон аймакта кызмат кылган алгачкы жоокер.

Ал 2014-жылы ыктыярчылардан куралган "Донбасс" батальонунда гранатометчик жана санинструктор болуп кызмат өтөгөн. Армиядан келгенден кийин эки жыл өткөн соң, 2018-жылы кумса экенин ачык жарыялаган. Ошол жылы эле "Фейсбук" социалдык тармагында өзү сыяктууларды чогултуп, башын бириктирүү максатында атайын баракча ачкан.

"Фронтто мендейлер башка жок деп мени эртеби-кечпи жалгыздап салышарын, мени калпычы, жаманатты кылышарын түшүнгөндөн кийин мындай адамдардын баарын чогултууну чечтим. Мен "Фейсбукта" "ЛГБТ аскерлер жана алардын санаалаштары" деген топ түздүм. Биз азырынча көп эмеспиз. Болжол менен 52 кумса, 12 лесбиянка жана төрт трансгендер аскер бар".

Жакында эле Жогорку Радада айрым депутаттар "Украинадагы түбөлүк баалуулуктарды коргоо максатында" деген жүйө менен "Баалуулуктар. Намыс. Үй-бүлө" деген коомдук бирикме түзүшкөн. Анда эл өкүлдөрү "салттуу үй-бүлө" деген түшүнүктүү сактоо максатында нике аял менен эркектин гана ортосунда болушу керектигин айтышкан. Ошондой эле балдарды ушул түшүнүк менен гана тарбиялоо зарыл экенин билдиришкен.

Бирикменин өкүлү, депутат Юрий Павленко үй-бүлөнү колдоо боюнча мамлекеттик саясатты өзгөртүү керек деген пикирде.

"Украинанын Конституциясында үй-бүлө аял менен эркектен гана куралары так жазылган. Мен бул маселелеге көңүл бургусу келген жаш депутаттардын демилгесин колдодум. Үй-бүлөнү колдоо боюнча мамлекеттик саясат тууралуу менин өз көз карашым бар. Мен мамлекеттин мындай саясаты сексуалдык азчылыктар, аракечтик менен күрөш өңдүү терс көрүнүштөр менен эле чектелип калышын каалабайм. Бүгүнкү күндө үй-бүлөнү, айрыкча кыйынчылыкка кабылган үй-бүлөлөрдү, жетим калган балдарды колдоо боюнча мамлекеттик саясатта мүчүлүштүктөр бар", - деген Павленко.

Деген менен сексуалдык азчылыктын өкүлдөрү депутаттардын мындай демилгеси коомчулукта ЛГБТга карата жек көрүүнү, сабырсыздыкты күчөтөт деп сындап жатышат.

"Фейсбук" социалдык тармагы аркылуу биригип жаткандар сексуалдык азчылыктардын өкүлдөрүнө жарандык никеге турууга уруксат берилишин каалашат жана бул маселени ушул айдын аягында Жогорку Раданын Адам укуктары боюнча комитетинде көтөрүүнү пландаштырып жатышат. Депутаттардын демилгелерине каршы туруу максатында өздөрүнүн биркмесин расмий каттоодон өткөрүүнү дагы караштырууда.

Былтыр жайында Киевде ЛГБТ өкүлдөрүн колдогон «Теңдик маршы» деген аталыштагы жүрүш өткөн. Иш-чараны уюштургандар ага сегиз миңдей адам катышканын маалымдашкан. Мындай жүрүшкө каршылар да чогулуп, ЛГБТ өкүлдөрүнө каршы жазуулары бар баннерлерди көтөрүшүп, «Уят!» деп кыйкырышкан. Киевде мындай жүрүштөр 2016-жылдан бери өтүп келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG