Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:45

АКШнын Жогорку соту 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын кайра кароодон баш тартты


Трампты колдогон пикетчилер "Добушту уурдоону токтот!" деген талап жазылган ураанды көтөрүп турушат. Вашингтон. 2020-жылдын 11-декабры.
Трампты колдогон пикетчилер "Добушту уурдоону токтот!" деген талап жазылган ураанды көтөрүп турушат. Вашингтон. 2020-жылдын 11-декабры.

АКШнын Жогорку соту Техас штатынын 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын кайра кароо тууралуу доо арызын кароодон баш тартты. Бул доо арызды өлкөдө республикачылар үстөмдүк кылган 17 штат жана президент Доналд Трамп өзү да колдоого алышкан эле.

Жогорку сот башка штаттарда добуш берүү амалдарын кайра карап чыгуу тууралуу Техас штаты жетишерлик негизге ээ эместигин белгиледи. Бул чечимди соттогу 9 мүчөнүн 7си колдоп чыкты, алардын ичинен Трамп өзү дайындаган үч мүчө тең сот чечимине макул болушту.

Арыз ээлери Жоржия, Висконсин, Мичиган жана Пенсилвания штаттарында шайлоо жыйынтыгы талаш-тартыштуу болду, ошондуктан шайлоо коллегиясынын алардан шайланган 62 добушун жокко чыгаруу зарыл деген талаптарын билдиришкен. Республикачылардын оюнча, бул 4 штатта коронавирустун айынан почтоо аркылуу берилген добуштар массалык түрдө бурмаланган.

Бул 4 штатта тең демократ Жо Байден утуп чыккан. Эгерде 62 добуш жокко чыгарылса, анда Байден 14-декабрда шайлоочулар коллегиясында көпчүлүк добуш ала албай калмак.

Байден зарыл болгон 270 добуштан алда канча көп – жалпысынан 306 добушка ээ болуп турат. Трамп болсо шайлоо коллегиясынын 232 шайлоочусунун гана добушун алган.

Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн жетекчилери Байденди президенттикке шайлангандыгы үчүн эмитеден эле куттуктап коюшту.

XS
SM
MD
LG