Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Кубан Чороев БШКга каршы Жогорку сотко арызданат


Кубан Чороев.
Кубан Чороев.

Кубан Чороев президенттик шайлоого катышуу укугун коргоо максатында 14-декабрда Жогорку сотко кайрылат. Эки күн мурун анын ушул өңүттөгү арызын Бишкектин административдик соту канааттандырган эмес.

Чороев президенттик шайлоодо ат салышуу ниетин билдирген. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) аны процедураны бузган деп, каттоодон баш тарткан.

Боршайкомдун жумушчу тобу Кубан Чороевдин колдоочуларынын кол тамгалары барактарды басып чыгарууга акча төлөбөстөн чогултула башталган жана муну менен эреже бузулган деп билдирген. Чороев мыйзам бузбаганын, БШК анын шайлануу укугунан ажыртканын, 30 миңден ашуун колдоочусунун укугу тебеленгенин айтууда.

Кубан Чороев - «Байыркы көчмөн цивилизациясы» тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу коомдук фондунун жетекчиси, экономикалык эксперт.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот. Башында 60тан ашуун адам саясий жарышка ат салышуу ниетин билдирип, 12-декабрда акыркы тизме такталган. БШК 18 адамга “президенттикке талапкер” деген күбөлүк берди. (SE)

Чороев менен маекти бул жерден угуңуз

XS
SM
MD
LG