Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:52

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда алгачкы жеңишке жетти


Айсулуу Тыныбекова мелдеш учурунда.

Балбан Айсулуу Тыныбекова Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө кубогунда алгачкы жеңишке жетти.

Дүйнө кубогу ушу тапта Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.

Тыныбекова 62 килограмм салмакта килемге чыгып, румыниялык Крисца Тунде Инцени 10:0 эсебинде утуп алды. Эми Тыныбекова чейрек финалда түрк балбаны Кансу Аксой менен беттешет.

Спорттук күрөш түрлөрү боюнча дүйнө кубогу 12-декабрда башталып, алгачкы эки күндө грек-рим күрөшүнүн балбандары күч сынашты. Кыргызстандын атынан тогуз балбан тогуз салмак категориясында килемге чыкты.

Балбан Руслан Царев коло байге утту. Жеңил салмактарда 13-декабрда күрөшкө түшкөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг) финалга чыкса, Калы Сулайманов (63 кг) коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Балбандардын беттеши бүгүн, 14-декабрда өтөт. (GT)

XS
SM
MD
LG